super.kg logo

Текебаевдин соту белгисиз мөөнөткө токтотулду

 

09:05: Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 8-июнда депутат Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланат. Азыркы учурда сот имараты курчоого алынды. 30дай адам топтолуп турат.

09:15: Сот имаратына куралчан атайын багыттагы аскерлер киришти. Текебаевдин жактоочулары сот отурумун видеого тартуу боюнча сотко өтүнүч келтиришерин айтышты.

09:27. Топтолгондор сот имаратына киргизилип жатат. Сотко катышуучулардын тизмесинде Маевский бар деген сөздөр айтылды. Сот залына видео камера киргизилбей турганын айтып жатышат. Болгону диктофонго уруксат берилерин билдиришти.

09:35. Сот имаратына видеокамераларды киргизбей тосуп калышты.

09:38. "Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиз сыртта кире албай калган журналисттерди киргиздирди. Тартип сакчылары процессти видеокамерага тартууга болбой турганын эскертишти.

09:40. Адвокаттар сот залындагы орундуктардын биринчи катарына журналисттер отурсун деп жатышат. Ал эми конвой кызматкерлери "биринчи катар биз үчүн" деп айтышты.

09:44. Айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында, темир тор ичинде отурушат. Сот Айбек Эрнис уулу сот залына келди, процессти фото жана видеого тартууга тыюу салынганын эскертти.

09:49. Адвокат Чынара Жакупбекова сотко кайрылып "сот ачык өтсүн, фото жана видеого тартууга уруксат берилсин. Буга тыюу салуу мыйзамга каршы келет" деди.

09:56. Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да түздөн-түз тапшырма берип, жасалма кылмыш ишин козготуп, өзүнүн саясий оппоненттерин саясий аренадан алууга аракет кылып жатат. Мен соттун ачык болушун талап кылам, элге түз көрсөтүлсүн. Чечимди судья чыгарат, бирок элдин ою маанилүү. Сиз 10 жолу соттолсун деп чечим чыгарсаӊыз да, эл ишенбесе күчү болбойт. Убагы келет, Исмаил Исаков, Феликс Куловдун иши сыяктуу иш жокко чыгарылат. Атамбаевдин күбөлөрү жалган күбөлөр, ошондуктан коркуп жатат. Ал койгон айыптарды далилдер менен жокко чыгарууга биз даярбыз", - деди.

10:00. Текебаев сотко кайрылып, сотту жабык өткөрүү чечимин өзгөртүүнү суранды.

10:02. "Президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берип жатып 10 күбө бар экенин айткан. Өлкө башчы Текебаевдин соту ачык болот, элдин баары көрө алат деген", - деди Текебаевдин адвокаты.

10:05. Текебаевдин адвокаттары арыз жазган Леонид Маевский катышкан сот жыйынында гана видеокамерага тартууга тыюу салынып, калган учурда ачык кылууну өтүнүп жатышат. Маевскийдин коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын токтом бар экенин, калган күбөлөр боюнча андай токтом жок экенин белгилешти. Башкы прокуратура сотту жабык өткөрүү боюнча коомчулукту жана сотту адашууга түртүп жатканын айтышты.

10:14. Өмүрбек Текебаев сот жыйынын жок дегенде 1 видеокамерага тартууга уруксат берүүнү өтүндү. "Кийинки соттук отурумдар, тарых үчүн процесс тартылышы керек", - деди айыпталуучу. Сот өтүнүчтү канааттандырган жок.

10:15. Текебаевдин адвокаттары эгерде сот жыйынын журналисттердин видеокамерасына тартууга тыюу салынса, анда сот залына орнотулган видеокамераларды да өчүрүүнү талап кылышты. "Булар дагы видео деп эсептелет, Сот департаментинин борбордук сервери аркылуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети көрө алат. Тыюу салынса, таптакыр тыюу салынсын", - дешти.

10:29. Жактоочулар Чотонов менен Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну сурашты. Прокурор каршы болду. Сот кеңешүүчү бөлмөгө кетти. Кыска мөөнөткө тыныгуу берилди.

11:20. Сот Айбек Эрнис уулу айыпталуучулар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү, аларды үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок.

11:27. Адвокаттар соттун токтому менен таанышуу үчүн жана кассациялык даттанууну даярдоо үчүн убакыт сурашты. Сот буга 2 саат бере аларын айтты.

11:28. Өмүрбек Текебаев сотко: "Мени абдан таӊ калтырып жатасыз. Айыпталуучуларга Конституция кепилдик берет. Айыптоочу тарапта кандай укуктар болсо, айыпталуучу тарапта да ошондой укуктар бар. Баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жүйө жок деп адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жоксуз. Ошол жүйө табууга убакыт каралат. 10 күн суралып жатат, бул аралыкта биз кийинки инстанцияга кайрылабызбы-жокпу чечебиз. Бүгүн эми 1-2 саат деп адамдын укуктарын чектебеӊиз", - деди.

11:41. Адвокат Чынара Жакупбекова сотко: "Биз сизден коркуп калдык. Сиз дайыма прокурорлор эмне дешсе, ошону аткарып жатасыз. Бизди да угуп коюӊуз", - деди.

11:45. Депутат Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму бүгүн саат 14:00дө уланат.

11:50. "Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиз сот айыпталуучулардын кассациялык арыз даярдоосуна кенен убакыт бербей коюшун сындады. "Мыйзамга ылайык, айыпталуучу тараптын доо арызы кийинки инстанцияда каралып жатканда райондук сот ишти карабашы керек эле. Сот карай беребиз деп жатат, балким, кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жатат", - деди юрист.

12:10. Сот имаратынын алдына топтолгондор "Текебаев менен Чотоновго боштондук!" деп кыйкырып жатышат.

14:25. Айыпталуучу Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты келе электигине байланыштуу сот жыйыны саат 15:00дө улана турганы айтылды. Тыныгуу улантылат.

15:55. Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кассациялык даттануу менен шаардык сотко кайрылды. Буга байланыштуу Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук процесс белгисиз мөөнөткө токтотулду.


кошулду





Текебаев менен Чотоновдун ишин фото, видеого тартууга тыюу салынды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(26)
08.06.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир нерсени шылтоо кылышып дагы калтырышат да соттун.
08.06.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сот ачык өтүш керек
08.06.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сот ачык отуш керек.Теледен бут кыргыз эли корсун.Анан ким куноолуу экенине эл Оз баасын берет.Болбосо сентябрь,ктрк каналдары аркылуу эки тарап болуп акыя айтышышып элдин башын айлантышты.
08.06.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текебаевти нары же бери сүйрөбөй камагыла же чыгаргылачы
08.06.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арыктап кылыптыр. Турмого эч кимди тушкус кылбасын.
08.06.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
ХХХ dep ushunu ayt, 25 jyldan beri biylikten tushpos manap boldu sottolup ketsin maa demekten bashka ХХХ da sabak bolsun . ###
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-08 13:55:50
08.06.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Atas,Сенин канча литр канынды сорду эле? Текебаев депутат болгону болбосо аткаруу бийлигинде бир да жолу иштеген эмес.
Best.bakyt түзөттү 2017-06-08 11:35:26
08.06.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Судянын карьерасы да Ашаныкы менен тен эле бутчудой экен.
08.06.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Атас, чалдырабай ары ойночу!
Эмнеге видеого тартууга уруксат бербейт?! Кыргызстанда сот системасы жеткен чирик система! Муну ар бир кыргызстандык айта алат. Теке деп айткан созу учун Атамбаев Акаев менен Бакиевден да денгээлинин пастыгын, женил ойлуулугун корсотуп койду..
08.06.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саясат тугонбой койду да
dastan_nookat түзөттү 2017-06-08 12:25:22
08.06.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сот ачык отуш керек болчу,Ким куноолуу эл билиш керек да.Атамбаевдин тапшырмасын аткарып жатышат.Текебаев куноолуу болсо,куноосун мойнуна алат.Ал адам чындык учун чыркыраган кучтуу политик.Буюрса чыгасыз Омурбек байке,ак ийилет бирок сынбайт.Атамбаевдин сизге жасаган жалаасы бул деп билет эл.
08.06.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Atas, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
08.06.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Atas, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүүлөргө карабай, эрежелерди үзгүлтүксүз бузгандыгы үчүн 5 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-08 14:31:40
08.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2017жылдын сериялы болдуго бул сот
08.06.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jumaev0084,хаха даназалуу сот болотко бул кетиште)))
08.06.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мискенбайга окшош милиция бар экен
08.06.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сотту президенттик шайлоого чейин созушат. Шайлоону откоргондон кийин сот жыйынтыктайт окшойт. Соттолуп жатат деп Текебаевди президенттике талапкеллигин койдурушпайт. Текебаев кылмышкер эмес экенин Атамбаев баш болуп баары билишет. Эптеп жалган жалаа жаап туруп камап туруш керек. Бул - чон саясат.
08.06.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
короче Текебаев Президенттик шайлоодон кийин эркиндике чыгат,ага чейин эч үмүт кылбагыла,(А.Атамбаев.Шаршенович)
08.06.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ilgizk,башында эле айтып койбойт белениз элди убара кылбай урматтуу (А.Ш.А
08.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орозонун күнүндө Аллах озу колдосун. Сиз аксыз бул Саясий куугунтук экенинин баары билишет
08.06.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Райондук судья, шаардык судья баары Атамбаевдин буйругун аткарат. Кассациялык даттануусу канааттандырылбайт. Ак ит, көк ит баары бир ит деген сөз бар го элде. Ошол сыңары эле, Гор.судья, рай.судья баары бир Атамбаевдин буйругун аткарат азырынча.
.
08.06.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белгисиз убакыт анан белгилуу убакыт деп отурушуп куз келет анан жаз келет анан чыгат президент шайлоодон кийин
08.06.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаевтин планы ишке ашканда Ош автаномия болмок ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-09 12:47:12
09.06.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eksvp_1, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Тартип бузуулар кайталангандыгы үчүн 1 күнгө БАН!
09.06.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eksvp_1, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. 1 күнгө кошумча 4 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-09 14:12:45
09.06.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текешти чыгарбайт эми 15нен кийин чыгарат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: