super.kg logo

Тегеранда 1 күндө 3 террордук акт катталды. Акыркысы боюнча маалыматтар тактала элек

 

Кечээ, 7-июнда Ирандын борбору Тегерандагы "Имам Хомейни" метросунун станциясында жардыруу орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Жарылуудан жабыркагандар тууралуу азырынча маалыматтар жок.

Чет элдик маалымат булактарына таянсак, бул жардыруу кечээки 7-июндагы үчүнчү кырсык болуп катталды. Алгач Тегеранда куралчан 3 адам парламенттин имаратына кирип барып ок атышып, адамдарды барымтага алышкан. Жыйынтыгында адам өмүрлөрү кыйылып бир нечеси жабыркаган. Андан кийин кылмышкерлер имам Рухолла Мусави Хомейнинин мавзолейине кол салышкан. Ал жерде куралчандардын бири өзүн жардырып жиберген. Бул кырсыктан 2 адам каза таап, 10го чукул киши ар кандай жаракаттарды алган.

Акыркы кол салуу боюнча так маалыматтар жок, ал эми мурунку 2 жардыруу, ок атуулардын натыйжасында жалпы 12 адам каза таап, 42 киши ар кандай жаракаттарды алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: