super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин тургундары: "Кара-Жыгач токоюндагы дарактарды биздин аталарыбыз отургузган. Токойду кыюуга каршыбыз"

 

Бүгүн, 8-июнда Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токоюна жакын жайгашкан Дачная көчөсүнүн жашоочулары токойду кыюуга каршы экендигин билдиришип, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бишкектин Дачная көчөсүнүн жашоочусу Игорь Коваленко бала кезден ошол аймакта жашап бой жеткенин жана чөйрөсүндөгү жашыл бактарды четинен кесип жаткандарга каршы экендигин билдирди.

"Кара-Жыгач токоюндагы дарактарды биздин аталарыбыз отургузган. Бизди таза аба менен камсыздап дем алуубузга жеңилдик түзгөн жашыл бак-дарактарды кыюуга каршыбыз. Жогору жактагыларга үнүбүздү массалык маалымат каражаттары аркылуу жеткирүүнү чечтик", - деди Коваленко.

"Кыргызстан Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев 6 жыл аралыгында Бишкектеги кыскарган сейил бактар тууралуу буларды айтты.

"Кара-Жыгач токою 215,69 гектар аянтты ээлечү. Азыр 129,56 гектар калды. 86,13 гектар токойдун аянты сатылып кетти. Ата-Түрк сейил багы 107 гектардан 50,7 гектарга кыскарды. Жеңиш сейил багынын аянты 43 гектар болсо, бүгүнкү күндө 33 гектарды түзөт. Мунун баары КСДПнын мүчөлөрү мэр болуп турганда кыскарды", - деди Булекбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.06.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бут эле булдургуч, кыйратып жок кылгычтар бийлике келип жатат да. Мурунку мэр " мусор" атка конгон. Ажонун кадры. Мунусу бар нерсени булундургуч экен. Бул да ажонун кадры!! Элдин суймончулугуно ээ болгон кадрларды койбой, каяктагы коррупционер, ажого жер саткычтар бийликке келди!
08.06.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ жегичтер силерден кутулбас болдук го, жаман ачууну келтирип кыжырга тийип атасынар, мамлекеттин карамагындагы обьектилерди, парктарды четинен сатып бутурмой болдунар, мамлекетти карызга батырып экономиканы артка тарткан силерсинер. Парктардын аймагы жеке менчик жактарга отуп алар дарактарды кыркып курулуш иштерин жургузуп атышат, дарактардын кыркылышы экологогияга терс таасирин тийгизип атат, тигилер болсо аны ойлошпойт, эптеп бийликке келди жеп ичип тоноп кетиш керек ксдпдан келген мэрлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: