super.kg logo

Экс-министр Жамал Ташибекова 6 айдан бери Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусуна кире албай жүргөнүн айтты

 

Кыргыздын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташибекова 2016-жылдын декабрь айынан бери премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон кабыл алуусун суранып, оңдуу жооп ала албай жатканын 8-июнда маалымат жыйынында билдирди.

"Мен 7 айдан бери Өкмөт үйүнө Сооронбай Жээнбековдун атына 9 жолу кат жаздым. Катта мени кабыл алуусун өтүнгөм. Ага менин катымды жеткирбей жатышабы билбейм, ушул убакытка чейин кабыл албай жатышат. Болгону сиздин катыңызды башка министрликке жөнөттүк, ошолор байланышат сиз менен деген жооптор келет. Мен Жээнбековдун өзүнө киришим керек, мурдагы министр катары сүйлөшчү сөзүм бар. Мүмкүн маалымат каражаттары аркылуу кайрылсам кабыл алар деп бүгүнкү жыйынды уюштурдум",- деп кошумчалады ал.

Маалымат жыйын башталарда премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов да келип, Ташибекова менен өз ара сүйлөшүп SUPER.KG'ге төмөнкүлөрдү айтты.

"Мен Жамал Ташибекова менен сүйлөшүп, катты качан, кайсы даректерге жазганын тактап жазып алдым. Эмне үчүн кабыл алынбагандыгын тактап маалымат беребиз", - деди Эсенгулов.

Эскерте кетсек, учура 79 жашка чыккан Жамал Ташибекова 1980-1986-жылдары Кыргыздын тышкы иштер министри болуп иштеген.






Экс-министр Өкмөт башчыга жолуга албай жүргөнүн айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми туштон кийин кат бизге жеткен эмес, кабарыбыз жок деп чыгышат, Супарада элдин акчасын он-солго чачып тамак жеп анан жеген эмеспиз, билген эмеспиз деп актанышкан сынары, кабар коомчулукка тарап кеткен сон...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: