super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Болсунбек Казаков мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине бир ай берди. Тапшырмалар аткарылбаса, кызматтан кетирүү каралат

 

Бир катар мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси тарабынан тапшырмаларды так аткаруу боюнча эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кварталдык отчётун берген жыйынында белгилүү болду.

Алдынкы жылдарга карата стратегиялык планын, ишкананын бизнес планын түзбөгөн, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна отчёт бербеген, тиешелүү карызын төкпөгөн мамлекеттик ишканалардын саны 20дан ашат. Фонддун башчысы Болсунбек Казаков жыйынга келген ишкана жетекчилерине кайрылып, бир ай ичинде берилген тапшырмалар аткарылбаса премьер-министрге кызматтан алуу боюнча сунуш бере тургандыгын айтты. Бардык акционердик коомдорго, мамлекеттик ишканаларга мындан үч ай мурун алдыда аткарыла турган иштеринин планын алып келүү тапшырмалары берилген. Бирок көпчүлүк акционердик коом, мамлекеттик ишкананын жетекчилери буга кош көңүл мамиле жасап, айтылган тапшырмаларды аткарган эмес.

"Бизнес планы, стратегиялык планы жок жетекчилер кандай иштейсиңер? Мен мындай жетекчилерди максаты жок деп билем. Сиздерге 1 ай ичинде бардык кетирилген кемчиликтерди жоюп, 6 айлык отчётко даярдап келүүңүздөрдү эскертем", - деди Казаков.

Коллегиянын жүрүшүндө белгилүү болгондой, 2016-2017-жылдары милдетин толук аткарбаган мамлекеттик 118 ишкана жабылган. Бүгүнкү күндө мамлекеттин карамагында 140 ишкана өз ишмердигин жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: