super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын айрым депутаттары кызматтык унаанын жоктугуна нааразы болушууда

 

Бүгүн, 8-июнда парламенттин жыйынында депутаттар кызматтык унаанын жоктугу сапаттуу иштегенге тоскоолдук жаратып жатканын айтышты.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттарын кызматтык унаадан, турак жайдан, жардамчыдан баш тартууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина мамлекет эл өкүлү өзүнүн милдетин оперативдүү аткарышы үчүн шарт түзүп бериши керек экенин айтты. “Акчасы жоктор депутат боло албайбы? Анда Жогорку Кеңеште бизнесмендер эле калып калат. Автоунаадан баш тартуу чечимин “Республика – Ата Журт” фракциясы кабыл алган. Эмне үчүн бизге бирөөнүн оюу таңууланып жатат?” - деди Карамушкина.

Карамушкинанын айткан сөзүн депутат Альфия Самигуллина колдоду. “Биздин жардамчыдан, автоунаадан баш тартканыбыз мыйзам долбоорлорун сапатсыз даярдоого алып келет. Баарыбыздын юридикалык билимибиз жок. Юристтер менен кеңешкенге барууга шартыбыз жок”, - деди ал.

Депутат Рыскелди Момбеков бул популисттик мыйзам долбоору экенин айтты. “Бул мыйзамдын төркүнү байлар депутат болсун, кедейлер кетмен чапсын дегенди түшүндүрөт. Башка эч нерсе жок. Биз булардан баш тартканда бюджетке 120 миллион сом пайда келтирилди деп жатасыңар, ким мактады. Биздеги айрым бай депутаттардын байлыгы менен Кыргыз мамлекетинин жарымын жардамчы кылып жалдап алса болот. Бирок муктаж депутаттар бар да”, - деди ал.

“Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев популисттик мыйзам эмес экенин эскертип, коомчулук колдой турганын билдирди. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: