Ак Үйдүн алдында жер маселеси боюнча митинг өтүп, арасынан 5өө Агрардык комитеттин төрагасына жолугууга мүмкүнчүлүк алышты












Ак Үйдүн алдына өлкөдөгү чечилбей келе жаткан жер маселеси боюнча депутаттар трансформациялоо долбоорун карап, чечип берүүсүн талап кылып жүздөгөн жаран митингге чыгышты.
12:15 Митингдеги негизги талапты Бекназар Айталиев аттуу жаран төмөнкүдөй түшүндүрдү.
"Бүгүнкү биздин талабыбыз жер тилкелерин трансформациялоо маселесин чечип берүү. Бир жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө боюнча турак жайлар түшүп калган жерлерди трансформациялоо жөнүндөгү долбоорду карап, 1-окуудан өткөрүшкөн. Андан кийин бул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия түзүп иш алып баруу боюнча өкмөткө көрсөтмө берилген. Комиссиянын курамына 6 фракциядан бирден депутат, коомдук ишмерлер, өкмөттүн мүчөлөрү кирип, 3 ай бою өлкө боюнча трансформациялана турган жерлерди иликтеп чыгышкан. Бирок комиссиянын ишинин жыйынтыгында мүчүлүштүктөр бар деп, өкмөт дагы 2 ай кошуп берген. Ошентип жалпы жонунан 5 айда аталган комиссия кагаздарды толуктап, тиешелүү документтерди өкмөткө тапшырган. Ошондон бери тийиштүү кызматтар документтерди басып жатып кийинки окууда кароо үчүн Жогорку Кеңешке 1 жума мурун гана өткөрүп беришти.
Эми жок дегенде ушул депутаттар маселени кечиктирбестен чечип беришсин деп бүгүнкү митингге чыгып жатабыз. Депутаттардын эс алууга чыгып кетишерине аз эле калды. Ага чейин жок дегенде 2-3-окууда карап, өткөрүп беришсин. Дагы бир талап - ушул маселени кийинки шаршемби же бейшембиде пленардык жыйынга алып чыккыла деп жатабыз. Эгерде жыйында бул маселе каралып өтүп калса анда 3-окууда кароого 1 же 2 эле жума калат. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаттары жерлерди трансформациялоо маселесин эс алууга кеткенге чейин карап, окуулардан өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар".
12:20 Митингчилердин бири Абидахан Токтомушева өз көйгөйүн төмөнкүчө түшүндүрдү: "Мен Кара-Кулжадан келгем. "Манас" аэропортунун жанындагы Кут айылына 3 жыл мурун жер тилке алып үй салганбыз. Жердин документи жок, чечим менен гана салынган. Эми ошого кайсы жакка маселени чечип бер деп барбайлы, кирген жердин баары эле акча сурайт. Өзүм оорукчанмын, пенсия менен жашайм. Эгер алар сураган акча менде болсо, эчак эле жердин документтерин ырастап алмакмын".
12:25 Митингчилер Ак Үйдүн алдында депутаттар чыгып жооп беришин талап кылышууда. "Фракция лидерлери, Жогорку Кеңештин төрагасы чыгып маселебизди укпаса, митингден тарабайбыз" дешүүдө.
12:37 Митингчилердин алдына депутат, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чыкты. Ал митингчилердин талабы эмне экенин сурады.
Иса Өмүркулов: "Саламатсыздарбы урматтуу мекендештер? Көптөн бери митингге чыкпай, эл менен жолугушууну сагынып калыптырмын. Бул көйгөйүңөрдү менимче, менден жакшы билген адис болбосо керек. Жер маселеси боюнча аябагандай көп мыйзам бузуулар болуп жатат, соттошуп жүргөндөр канча? Көйгөйүңүздөрдү сөзсүз түрдө чечиш керек. Мен бул маселенин үстүнөн жакшы эле аракеттенип жатам. Маселенин артка жылып, каралбай келишине мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчиликтери бат-баттан алмаша бергендиги болуп жатат. Маселени фракцияда караганбыз. Трансформация боюнча эки маселе каралып, ал маселелерди Жогорку Кеңеш кабыл алып берди. Эми сиздер айдоо жерлерине там салган категорияга киргенсиздер да? Бул иш бат эле чечиле койчу процесс эмес. Мен бул боюнча өткөн коллегиянын жыйынында көтөрдүм. Ал фракциянын көзөмөлүндө турат".
12:45 Мурадил Балыбаев, трансформация коомунун координатору: "Мекемелер аралык комиссияга мүчө болгом. Негизинен комиссиянын ишинде эч кандай кынтык жок. Эмнеге бул ишти кармап жатышканына түшүнбөй жатам. Менин оюмча, муну күзгө чейин кармап, президенттик шайлоого колдонгонго аракет кылып жатышат го деп жатам. Комиссиянын ишинде мүчүлүштүктөр болгон деп жатышпайбы? Андай болсо дагы маселенин чечилишинин кечеңдешине таасир этпейт болчу. Ал эми кошумча түзүлгөн комиссия биз иликтеген ишти эмес, айдоо жерлерине турак жайлардын түшүшүнө ким уруксат берди, ошол тарабын изилдешет. Алар көбүрөөк бийлик тарапты текшерүүгө алышат", - дейт.
13:16 Митингчилердин арасынан 5 адам сүйлөшүү үчүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров менен жолугуу үчүн Ак Үйгө кирип кетишти. Митингчилер канча убакыт болсо дагы жооп алмайынча кетпейбиз деп, кирип кеткендерди күтүп турушат.
кошулду
Ак үйдүн алдында жер маселеси боюнча митинг өтүп жатат 08.06.17
Ак Үйдүн алдында жер маселеси боюнча митинг өтүп жатат 08.06.17 (2)



1 |