super.kg logo
  Саясат  

Исхак Пирматов: “Бир депутатка бир жылда бюджеттен 6 миллион сом кетпейт”

 

“Бир депутатка бир жылда бюджеттен 6 миллион сом кетет деп туура эмес маалымат таратылып жатат”, - деп билдирди 8-июнда Жогорку Кеңеште "Бир Бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов.

Айтымында, маалымат каражаттары депутаттардын айлыгы тууралуу туура эмес маалымат таратууда.

"Депутаттарга жылына 786 миллион сом кетет деген маалыматтар чыгып жатат. Бир депутаттын айлыгы 25 миң сом, жылына 300 миң сом берилет. Ошондо 120 депутатка бир жылда 36 миллион сом айлык берилет. Калган 750 миллион сом парламенттин аппаратында иштеген кызматкерлердин айлыгы. Анан бир депутатка 6 миллион сом кетет экен деп жатышса, эл өкүлдөрүн ким жакшы көрсүн?" - дейт депутат.

Сапаттуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууга депутатка бир жардамчы жетишпей турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: