super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мамлекеттик мекемелердеги объекттерди жең ичинен ижарага бергендер боюнча 5 кылмыш иши козголду

 

Жыл башынан бери мамлекеттин карамагындагы имараттардын ичиндеги чакан объекттерди коррупциялык жол менен жең ичинен ижарага берип жүргөн жарандарга карата 5 кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 8-июнда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, шаардагы айрым мамлекеттик мекемелердин жетекчилери имараттын кээ бир бөлүктөрүн ижарага берип, бирок аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна каттатпайт же тарифтер тууралуу туура эмес маалыматтар айтылат.

"Ижарага берилген объектилерди карап чыкканда көп маселелер ачыкталды. Мисал катары айтсам, Кожомкул атындагы спорт сарайында ижарага берилген объекттер бизден өткөн эмес. Ошондой эле "Военторг" мамлекеттик ишканасында да ушундай көйгөйлөрдүн бар экени аныкталды. Биз бул маселелерди жөнгө салып, ар бир мекеменин балансында турган объекттерден түшкөн каражат мамлекеттин казынасына түшө турган системди иштеп жатабыз", - дейт Казаков.

Ушул жылдын 4 ай аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бишкек шаарындагы мамлекеттик мекемелердеги 1212 жай менен ижарага берүү келишимин каттаган. Ал эми аймактарда өлкөнүн карамагына караган мекемелерден ижарага берилген объекттердин саны 129ду түзөт.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: