super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Таякемдин Орусияга жаңы келип "сколько тебе лет, хлеб?" дегенин эстесем күлө берем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тил билбей кандай окуяларга туш болгонсуңар?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Таякем Москва шаарына келип, орусча билбегендиктен көп иштерден айдалган экен. Анан үйдөгү акемдер жөнөкөй, мисалы, "сколько стоит хлеб?", "дайте мне", "я - кыргыз" деген сөздөрдү үйрөтүшөт экен. Бир күнү "нан ал, мен жаныңда турам" деп карап турса, таякем, айылда мектепте көп айтканбы же сүрдөгөнбү "сколько тебе лет, хлеб?" деген экен".

"Тааныш кызым экөөбүз кир жууганга айна алганы дүкөнгө кирип, "айна дайте, пожалуйста" деп түшүндүрө албай кыйналганыбыз эсимде".

"Күндө бир орус салам берип, учурашып калчу, анча-мынча сүйлөшүп да калчубуз. Бир күнү эртең менен шашылып, окууга кетип жаткам, оюм бир жерде эмес, шашып бараткам. Күндөгүдөй аны менен жолдон кайчылаш чыктык, "привет" деди, "привет" десем, "ты городская?" деп сураса, мен "нет, я айылская" деп жибериптирмин. Ал түшүнбөй тиктегенинен эмне деп койгонумду анан билип, токтобой кайра кете бергем".

"Анда жаш болчумун. Бишкектеги эжемдин үйүнө барып калдым. Кошуналары орустар экен. Эшикте эжемдин баласын карап жүргөм, бир убакта бир мышык биздин короого кирип келди. Анан эле ары жактан орус кемпир кыйкырып калды. Ал кемпир мышыгымды кармап бер деген экен. Мен болсо "мышык силердикиби?" - деп жатат окшойт деп "нет, нет" дей бериптирмин. Ал кемпирдин айткан сөзүн, кийин орусча билип калгандан кийин эстеп бир жылмайып алгам".

"Мен да бир жолу дүкөнгө кирип "чё надо?" десе, мен "хлеб хочу продать" деп тура бериптирмин. Көрсө, "продать" эмес, "покупать" экен да. Анысын кайдан билдим. Кечке сурай бергенинен колумду шилтеп нан албай чыгып баса бергем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
08.06.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сколько тебе лет, хлеб дегени жакшы экен.мындай учурлар болот коп эле.Биз да бир жолу Бишкекте досум там салып жардам берип жургонбуз анан кошунасынан интрумент сураш керек болду кошунасы орус экен баласы кочодо ойноп журуптур досум шашып кетип эле атасынын атын сурайм деп "как тебя зовут отец" деп салса болобу
08.06.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камчатка . Дукондо кыргыз бала ала турган нерсесин таппай издеп жатса, аны байкаган сатуучу орус кыз аны муну корсотсо бала баш чайкап тура бериптир. Акыры кыз жумуртканы корсотсо , бала "- а где мамаа" - деп суйунуп кетиптир. Корсо ал тоок этин (окорочка) издеген экен..))))
08.06.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурда Россияда карточка мн чалышчу анан эле эжеси 100р берип карточка ала кел десе 10кг картошка алып келген экен
08.06.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
krem,
Ал байкушка карточка деп айтса барга чейн унутуп, картошка алып келген окшойт да)))))
08.06.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нанга жөнөтсө 20шт алгамын деп калчу кайра кайра барып не дейм деп
2эже домофонду билбей такылдатып тура беришкен экен түнү суук-40 та
08.06.2017. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2005 жылы Москвада 2 кв 30 40 адам жашаганбыз керек болсо бут чеччу жергеда тошок салып жатушчу анан кв сассыйт бир эже бут жыттанып кетти деп ысырык салды тутуотуп аябай туттоп кетти форточканы ачып салсак коншулар коруп пожар болуп жатат деп эшикти такылдатып калды глазоктон орустун турун ктргондо баарыбыздын дымыбыз чыкпай жатып калдык ошондо уйдо эч ким жок орттонуп жатат деп пожарниктерди чакырып койуптур биз ыссырык салдык деп айталбайбыз ысырыктын орусчасын таппайбыз ошондо бир эже шаман
08.06.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шаманизим деп кыйкырат участковой келип баскан корсо ал акча алып турат экен кыргызча билип алыптыр мин рубульдан жыйгыла деп кыргызча айткан
08.06.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Орусча билбеген кыздар жонундо анекдот!!! Ты сумку возьмила деп сураптыр подружкасынан анда тиги айтат дейт дура учи русский язык не возмила а берила деп
08.06.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Leilona, ичим эзилип калды.
08.06.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ойдодо биро дамафон десе эске тушуп кетти москвага биринчи жолу келгем эшике чыгылбай подъезден жарым саат тургам кнопканы бассам уну чыгаатаа озу ачылат деп тура берипмин кийин туртсом ачылып кетти иит олло суйунгом эшике чыгып алып
08.06.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dilbaranurdinova,хахахаххахахаха
09.06.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Екатеринбург 2006-жыл. Бир таанышым 1-жолу Россияга келип вокзалда турса бир таджик ары-бери айланып эле аны карай бериптир (бироого окшоштурган го). Анан таанышым "эмне карайсын?" дегенди орусча айтам деп "Чо глаз?"-дептир. Ал таджик да корсо орусчадан "нормальный" экен, антсе сразу тушунуп ары коздой жоноптур.
09.06.2017. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Москвада бир кыргыз байке экообуз мед.смотрдан чогуу тапшырып колдон венадан кан тапшырып жатканбыз. Анын тамыры жакшы корунбой орус мед.сестра "Нажми кулак крепче"-десе ал байке экинчи колу менен озунун бир кулагын бекем жаап туруп алды. Карап тургандар врачтар "о боже мой"-дешип эле кыйрап кулуп калышты. Чыккандан кийин "эй кулак деген кыргызча муштум дегени"-десем, ал " энендурайындар нажми рука деп эле айтышбайбы анан башты айлантпай"-дейт кайра
09.06.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Savai80,ooi ezilip kaldym))))))
09.06.2017. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
İramatilik Taiatam ayildan Bishkekke kelip gul satkan jerge kirdik)). Kirip ele bir orus ayalga gde sveta dep kaldi:)) al ayal na obed vishla dese biz oshondo bilip kalip tigigul satkan ayaldin ati Sveta ekenin ollo kulgonbuz:)))
09.06.2017. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичмайды внутиреный масла дегенбеле
09.06.2017. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Москва. Эки озбек дуконго нан алганы кирип , биринчиси сатуучудан"-хлеб зачем"- деп кайра кайра сураса , экинчиси -" эй Хасанбой , зачем эмас , хлеб пачему деп сура "-дептир .
09.06.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abusait,olo kuldum go))))
09.06.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир тааныштын Орустун кичине балдары да орусчаны жакшы суйлойт дегени эске тушту го ))
09.06.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи келгенде үйгө жакын жерден эле автобуска чыксам орустар балалуу аялды өтө сыйлайт го бирөө тура калып кел отуруп ал дейт сейчас дейм калганын улай албайм кайра кайра айтат через остановка дейм өлүп кеткир отура бербейби деп жиним келет.Азыр билген орусчамы айтып сүйлөй берем акыркы ое-ая-ся дегени туурабы катабы уруп коем.
09.06.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2005ж окууга келгемин. Эже орус болчу. где твоя Тетрадь десе дома спит дегемин
09.06.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мендагы биринчи келгенде иштеп жургондо
хозяйка плов любиш деп сураган а мен жакшы билбечумун орусча плов любов дегеним есимде баары каткырып кулушкон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: