Бишкекте түрк жумалыгынын негизинде сүрөт көргөзмөлөрү өтөт
19-май күнү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде түрк сүрөтчүсү Сафенин “Алар менин тирүүлүгүмдүн душмандары” аттуу кийизге тартылган сүрөттөрүнүн көргөзмөсү болот. Анда көрүүчүлөр үчүн түрк сүрөтчүсүнүн эмгегине кирген 36 чыгарма көрсөтүлөт. Бул күнү мындан сырткары борбодогу “Бишкек Парк” соода борборунда түрк саясатчысы, мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы Ататүрктүн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Аталган иш-чаралар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда жүрүп жаткан түрк жумалыгынын алкагында өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.