super.kg logo

Маданият министринин орун басары өлкөнүн туризм тармагындагы көйгөйлөрдү атады

 

Бүгүн, 9-июнда КСДП фракциясынын жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов өлкөнүн туризм тармагындагы көйгөйлөрдү атады.

Анын айтымында, коопсуздук маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Ал былтыркы Орусиядан келген туристти тоноо фактысын мисалга келтирип, мындай көрүнүштөр туризм тармагына зыянын тийгизип жатканын айтты.

“Ошондой эле экологиялык маселелер, таштанды, пакеттер көлдүн тегерегинде ташталган. Жолдун начардыгы дагы зыянын тийгизүүдө. Европа мамлекеттеринде түз аба каттамдары жок. Кыргыз мамлекетин Кытай жана Бириккен Араб Эмираттары туристтик өлкө катары тааный элек”, - деди ал.

Аталган фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасындагы туристтик тармактагы абал жана жайкы туристтик сезонго даярдык тууралуу маалымат угулуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: