super.kg logo

Нарында чет элдик студенттер жаңжалдашкан жергиликтүү тургундарды милиция кармап кеткени айтылып жатат

 

Нарын шаарында 8-июнда жергиликтүү жаштар Борбордук Азия университетинин студенттерине чара көрүп берүү талабы менен акцияга чыгышкан. Аталган университетте Тажикстандан келип окуган студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кеткен. Жергиликтүүлөр чет элден келген студенттердин, алардын айрымдарын өз мекенине кетүүсүн талап кылышкан. Талап койгон учурда университеттин мугалимдери да болушкан.

Нарын шаарынан өз атын атагысы келбеген тургун SUPER.KG'ге милиция кызматкерлери 27-майдагы жаңжалга катыштыгы бар деп жергиликтүү айрым жаштарды кармап кеткенин, кечээ чет элдик студенттердин кармалганын кабарлады.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев бул маалыматты төгүндөдү. "Эч ким кармалган жок. Бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, университеттин мугалимдери, студенттер, аксакалдар, жаштар жана милиция кызматкерлери жолугушуу өткөрүп, маселени талкуулашмакчы. Кечээ да Нарын жаштары маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн университетке келишкен. Бирок чет элдик мугалимдерге алардын сөзү туура эмес которулуп калгандыктан, ал түшүнбөй калып, чөгөлөп жиберген экен. Ошого карабай тынч эле тарап кетишкен. Бүгүн да бул боюнча жолугушушмакчы", - деди.

Ошону менен бирге милиция кызматкерлери окуянын кандай башталганын карап чыгып чара көрөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
09.06.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугунку бийлик элдин кызыкчылыгы учун эмес, оз элине душмандай мамиле кылып жатат...

Мына иштеп турган завод-фабрикаларды талкалап жок кылышты, эл жумушсуз калды. МТС, Ферма, мал сарайлардан бери талкалады.

Элдин байлыгы алтын-кумушту элден сурабай сатып жатат! Кумтордогу алтындын 1/100 бири гана казынага тушот экен, ошол чындыкты таап элге айткандарды жок шылтоо менен турмого камоодо. Башка алтын-кумуш кендеринде алтын-кумуш фуралар менен Кытайга ташылууда...
09.06.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми каяктагы туризмди шылтоолоп жатат. Туризмден казынага канча акча тушот экен?! Азыр Окмот айткан сумманын 1/5 тушсо керек, калганы кагазда калчу цифралар!!! Туризм сага же мага пайда алып келбейт. Чондордун гана чонтонуно пайда алып келет. Карапайым элдин байларда болгон пансионаттары, коттеждери, лыжа базалары жок. Калп эле туризмди бетке кармашат оз чонтогун ойлоп!!!

Оз чонтогу учун жуз миллиондоп салык токпой качууга же элге кытайдын окарачкасын жедиргенге даяр бийлик!
09.06.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой калып чоголоп жиберген экен))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: