super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нарында студенттерди чөгөлөтүү сыяктуу окуялар туризмге терс таасирин тийгизерин айтты

 

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков өкмөт туристтик багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурбай жатканын айтты. Мындай оюн депутат бүгүн, 9-июнда аталган фракциянын жыйынында билдирди.

Туризм - бул Кыргыз мамлекетин бага турган тармак. Бирок өкмөт ушул тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурбай жатат. Былтыр туризмден 21 миллиард сом киреше кирген, ал эми туризмди өнүктүрүүгө өкмөт 7 миллион сом бөлүптүр. Кирешеси миллиард болсо, бөлгөн каражаты миллион болууда. Биз "тоок жумуртка тууганы жатканда какылыктайт" дегендей, туристтик сезон башталганда талкуулайбыз. Анан өкмөт келип, "иштеп жатабыз, аткарабыз" деп маалымат берип кетет. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кыргыз өлкөсүндөгү туристтик аймактары боюнча үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз дейт. Массалык маалымат каражаттары тескери үгүт жүргүзүп жатпайбы. Мисалы, кечээ күнкү Нарындагы окуя. Тажикстандан келип окуган студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кеткени боюнча маалыматтар чыкты. Мындай окуялар туризмге терс таасирин тийгизет”, - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: