super.kg logo

Өлкөдө 3 миңден ашуун тартип сакчылары туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөйт

 

Өлкө аймагында 3 миңден ашуун тартип сакчылары туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы 369 курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелери болсо, анын ичинен 31 эс алуучу жайда өспүрүмдөр эс алат. Эл көп эс алган жайларда коомдук тартипти 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери жана 800 элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашат.

"Ысык-Көл облусунун аймагында 500дөн ашуун милиция кызматкерлеринен сырткары, кошумча күч катары ИИМдин атайын багыттагы 100дөн ашуун кызматкерлери тартылат. Тартип сакчылардын саны туристтердин келүүсүнө жана ыкчам түзүлгөн абалга жараша көбөйөт. ИИМдин Патрулдук милициясынын башкы башкармалыгы тарабынан Кордай-Бишкек, “Манас” аэропорту, Бишкек түндүк айланма жолу, Бишкек–Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол унаа жолдорунда Патрулдук милициянын жылып жүрүүчү күзөттөрү коюлат", - деп билдирди басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: