super.kg logo

Өлкөдө 1 миллион 557 миң адам жакырчылыкта жашай турганы айтылды

 

Өлкөдө 1 миллион 557 миң адам жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб жакырчылыкта жашагандар 2016-жылдын жыйынтыгы менен 25,4 пайызды түзгөнүн, аймактарга салыштырмалуу Жалал-Абад облусунда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны жогору экендигин айтты.

"Жакырчылыктын деӊгээли 2016-жылы 25,4 пайызды түзгөнү менен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 6,7 пайызга төмөндөдү. Алардын ичинен 17ге чыга элек балдардын саны менен эсептегенде 31,5 пайыз балдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө күн кечирет. Жогоруда айтылгандардын дээрлик баары айыл жерлеринде жашагандар", - деди Самохлеб.

Анын айтымында, жакырчылыктын деңгээли, үй-бүлө чарбасынын абалына, тапкан кирешесине, жеген азык-түлүктөрү жана кийген кийимдерине карап бааланган.

Ал эми социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду.

"Өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө караганда, жөлөк пул алуучулардын саны 362 000 миңди түзгөн. Алардын ичинен 88 600 үй-бүлө же 275 900 адам аз камсыздалгандардын катарына кирет. Эмгекке жөндөмсүз адамдарга берилген жөлөк пулду 84 300 адам алган. Ал эми өлкөдөгү майып балдардын саны 29 300 болуп, 2012-жылга салыштырмалуу 16 пайызга жогорулаган", - деди Рахманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
09.06.2017. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калктын тортто бири жакыр экен да...Окунучтуу! 17 жашка чейинки жаш балдардын учто бири аз камсыз болгон уй булоодо жашаса...
akil.91 түзөттү 2017-06-09 13:19:01
09.06.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликтин алсыздыгы...
09.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
R_u_S, Бийликтин акмактыгы десең өздөрүн курсагын гана ойлойт бул бийлик.
09.06.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнүмдүк чыгымы 1$дан т.а. 69 сомдон ашпаган жаран жакыр болуп эсептелет. Буга айлык акысы же пенсиясы 2500-3000 болгон жарандар кирип калышат...
09.06.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka
Кирбеши керек деп ойлойсунбу?
09.06.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akil.91,ушулар кирет деп жатам. Кирбеши керек деп жазган жокмун!
09.06.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакыр жагайта бир уйдо 3 семя жашаса светин эле айтайын бир айга 1500-2000 толошот ишижок жер Эксе дары саларка трактор ото кыйын бир эле мисал айтым
09.06.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги жузукаралар дагы оздорунун ХХХ ойлоп кресло машина жардамчы дешет.Элин жакыр болсо керсейгенин бир тыйын.Сурасан оздору жалко дешет.Завод фабрика жер иштеткенге шарт тузуш керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-09 17:58:45
09.06.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен деле жакшы жашайм деп ойлом бирок унаама 4донголок 3жылдан бери алалбай токтоп турат.эсептесем депутаттардын унаасынын багына 3жолу толтура куюлган май экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: