super.kg logo

Журналист Улукбек Бабакуловго улуттар аралык кастыкты козутту деген кылмыш иши козголду

 

Журналист Улукбек Бабакуловго карата улуттар аралык кастыкты козутту деген кылмыш иши козголду. Буга журналисттин Фергана Ньюс сайтына жана башка ресурстарга жарыяланган макалалары себеп болгон. Бул тууралуу 9-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук Илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук университетинин эксперттери жана адистери Бабакуловдун макалалары боюнча иликтешкен. Жыйынтыгында макалаларда улуттар аралык кастыкты козгой турган жана ошондой эле улуттук намыска тие турган чакырыктар бар экени аныкталган.

"Бабакуловдун бул макалаларды 2010-жылдагы Июнь окуясын утурлай жарыялашы анын чет өлкөдөн саясий башкалка алуу максатын көздөгөнү аныкталды", - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Айта кетсек, 1-июнда парламентте депутаттар укук коргоо органдарын улуттар аралык кастыкты козгоп жазылган макалаларга көңүл бурууга чакырышкан. КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева журналист Улугбек Бабакуловдун "сарт" деп жазган макаласы тууралуу айтып чыккан.

Ошол эле фракциянын депутаты Мурадыл Мадеминов аталган маселе боюнча укук коргоо органдары бүгүнкү күнгө чейин реакция жасабай жатканына нааразы болуп "мындай журналисттерди Кыргыз жарандыгынан чыгарыш керек", - деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.06.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Козгой бергилечи, силергеда козгойтурган чыгып калар
09.06.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура,болуп жарышпасвн озбекпи кыргызбы,мусульмандар.
09.06.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура эле кылышыптыр. Кыргыз жарандыгынан да чыгаруу керек андай бузукуларды.
10.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э тойгуздуго ХХХ эми журналисттер калдыбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-10 12:43:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: