Бишкекте колдо жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт
Билим фестивалынын негизинде 18-19-май күнү пенсионерлердин жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын колунан жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара Ала-Тоо аянтында өтөт. Анда оюнчук, статуэтка, чопо жана колодон жасалган буюмдар, Алай шырдактары, кийим, баштык жана башкалар көрсөтүлөт. Ал эми жарманкеге "Koldo shop" социалдык борборунун катышуучулары, Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы, “Үмүт-Надежда” балдардын реабилитациялык борбору, “Светлый путь” балдар үйү жана башкалар катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.