Казакстанда эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн ачылышы болду (фото)













Казакстандын борбору Астана шаарында 9-июнда эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Ага бир катар мамлекет башчылары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Казак президенти коноктор Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттереш, Чехиянын президенти Милош Земан, Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель, Армениянын президенти Серж Саргсян, Сербиянын президенти Александр Вучич, Индиянын премьер-министри Нарендра Модини тосуп алды. Расмий ачылышынан кийин амфитеатрда концерттик программа коюлду. Соңунда көрүүчүлөргө лазердик шоу, фейерверк көрсөтүлдү.
Астанадагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсү 10-сентябрга чейин уланат. Ага 115 мамлекет, 22 эл аралык уюм катышып жатат. Көргөзмө "Келечектин энергиясы" темасынын алкагында өтөт.





1 |