Владимир Путин неберелери бар экенин жана аларды жакшы көрөрүн айтты
Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык режиссёр Оливер Стоундун "Путин менен маек" деп аталган тасмасында анын неберелери бар экенин айтты. Бул тууралуу СNN чет өлкөлүк маалымат каражаты билдирди.
Маалым болгондой, маектин жүрүшүндө Стоун Путинден неберелерине болгон мамилеси тууралуу сураган. Путин неберелерин жакшы көрөрүн, бирок алар менен ойногонго убактысы аз экенин билдирди.
Аталган тасма АКШдагы "Showtime" каналында 12-15-июнь күндөрү көрсөтүлмөкчү.
Айта кетсек, 2013-жылы 6-июнда Владимир Путин 30 жыл чогуу жашаган жубайы Людмила Путина менен ажырашкан. Алардын ортосунда Мария (32 жашта) жана Екатерина (30 жашта) аттуу эки кызы бар экенин орусиялык басылмалар жазышкан.
Орусиянын президенти үй-бүлөсү тууралуу берилген суроолорду көбүнчө жоопсуз калтырары маалым.
















1 |