Ош жана Жалал-Абад облустарында Июнь окуясынын 7 жылдыгы эскерилди (фото)























Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 7 жыл мурун орун алган Июнь окуясы эскерилди. Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Июнь окуяларында каза болгондордун жакындары, шаар тургундары катышышты.
Митинг-реквиемде "Энелердин көз жашы" мемориалдык эстелигине гүл чамбар коюлуп, каза болгондорго багышталып куран окулду.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Топурак-Бел (Санпа) аймагында да 2010-жылы 10-июндагы кандуу окуялардын жети жылдыгын эскерүү болду.
"Кыргыздын мамлекеттүүлүгүн улуттардын ынтымагысыз элестетүү мүмкүн эместигин түшүнүшүбүз керек. Ошону менен гана ар кандай чакырыктарга туруштук бере алабыз. 2010-жылы Июнь окуясында курман болгондордун туугандарына Кыргыз эле терең кайгырып көңүл айтат. Июнь коогалаңы өлкө тарыхында, ар бир жарандын жүрөгүндө кара так бойдон калат", - деди Жээнбеков.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Энеден баланы Аллахым ажыратпасын. Апаларга мындан откон азап жок(((
Бирок макала жарыялаган журналисттер ар экинчи суротто Жээнбековду реклама кылып тарта беришиптир...