super.kg logo

СОБРдун командири: "Сооронбай Жээнбеков Июнь коогалаңында эки элди ынтымакка чакырып, тынчтыкты камсыздаган"

 

2010-жылдагы Июнь коогалаңы тууралуу ИИМдин Түштүк аймагы боюнча атайын операцияларды аткаруу командири, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын СОБР командири болуп турган Камчы Зикиров мындайча эскерет. Анын айтымында, 2010-жылдын 10-июнунда түнкү саат 22:30-23:00 чамасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн коркунуч сигналы келген. “Дароо эле Ош шаарындагы өзүбүздүн бөлүмгө келдик. Ошол учурда нөөмөттө Болот Нааматов деген жигит турганын көрдүк. Аны менен чогуу өздүк курамдын балдарын топтодук. Балдарды алып, Ош облустук ИИБ имаратына бардым. Катарга тизилүүнү аянтта кылабыз дегенинен улам биз Ош шаарынын борбордук аянтына, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратын көздөй бардык. Өздүк курамды алып аянтка барсак, ал жерде ошол убактагы Ош ОИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Таалай Акбаев жана губернатор Сооронбай Жээнбеков турушуптур. Сүйлөшүп турганыбызда аянтка айнектери сынган 1-2 жеңил унаалар келип калды. Алар "Алай" мейманканасынын жанында өзбек улутундагы адамдар тосуп алышып өткөрбөй жатышат, биз качып өтүп келдик" деп айтышты. Ошол эле замат Сооронбай Шариповичтин көрсөтмөсүнүн негизинде өздүк курамды алып “Алай” мейманканасына бардык. Жээнбеков бизге "элди тынчтык жолу менен таркатып, баш аламандыкка жол бербегиле" деген буйрукту берди", - дейт Зикиров.

Анан алар «Алай» мейманканасына автобус менен барышканын, ал жакта Навои менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде эл аябай көп чогулуп, темир тосмолор менен жолду тосуп, ызы-чуу болуп турушканын билдирет. Чогулган эл ошол жердеги күйүүчү май куюучу жайдын, филармониянын бир аз бөлүгүн өрттөп да жиберишкенин көрүшөт. Ал жерге Ош ШИИБинин башкармалыгын башчысы, полковник Ш.Зулимов, анын орун басары Р.Усманов да барышкан. Алар чогулган эл менен сүйлөшүүгө аракет жасашканы менен, эч кандай майнап чыккан эмес. Анан бир маалда Ш.Зулимов башы жарылып чыкканын эскерет Камчы Зикиров. Чогулган эл милиция кызматкерлерине таш ыргытышат. Акыры аларды милиция кызматкерлери Шайи-Төбө көчөсү тарапка кубалап таркатышат. Анан түнү менен ал жерди кайтарууга алышат.

Таң атканда Зулимов ошол жерде жакын жайгашкан студенттердин жатаканасында студенттер калып калганын билдирет. Муну уккан Сооронбай Жээнбеков ал студенттерди чыгарып, облустук администрациянын ары жагындагы залга алып келгиле деген буйругун берет. Натыйжада студенттер бошотулуп, айтылган жерге жайгаштырылат. "Андан кийин Сооронбай Шарипович ошол жерден жолугуп, “Черемушка” районундагы “Сема” балдардын жатак мектебинде окуучулар мугалимдер менен кошо калып калгандыгын айтып, чыгаруубузду буюрду. Аскер бөлүгүнүн кызматкерлери алардын оор техникалары менен кошо барып, окуучуларды жана мугалимдерди автобустарга салып, аскер бөлүгүнө алып барып жайгаштырдык", - деп белгилейт Камчы Зикиров.

Анын эртеси 11-июнда облустук оорукананын имаратын кайтаруу буйругун аткарышат. Ал жерге барганда дагы анын жанындагы жатаканалар, жатаканадагы эл менен анын артындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын кошо тынчыраак жерге алып чыгуу үчүн Фуркат айылына алып барып жайгаштырышат.

Анан 12-июнь күнү шаарда "Өзбекстандан 2000дей согушчан Ошту көздөй келет экен" деген каңшаар кеп тарайт. Мындай кепти уккан айрым ошол убактагы чиновниктер Ош шаарынан үй-бүлөсүн алып качышканын эл азыр да айтып жүрүшөт. Ал чиновник азыркы тапта да сыртта качып жүрөт. Ал эми Сооронбай Жээнбеков тескерисинче элге тирек болуп турат. Өздүк курамдын балдары керектүү ок-дарылар менен камсыздалып, ИИБинин имараты курчалып, посттор коюлат. "Эртең менен таң атып калган кезде ошол учурдагы губернатор Сооронбай Шарипович өздүк курамды алып, шаарды кыдырып, элден кабар алуубузду айтты. Өздүк курамды полктун автобусуна салып, Акбаев да биз менен чогуу чыгып, Ак-Тилек, Черемушки жана Юго-Восток кичи райондорун айланып, элдин коопсуздугун камсыз кылдык. Ошол убакта Жээнбеков облустун губернатору катары эки элди ынтымакка чакырууда, элдин биримдигин сактоодо абдан чоң салымын кошкон", - деп эскерет Зикиров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Комментарийлер(25)
10.06.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Ошондо Мелис уйбулосун алып качкан деп айтысында 2010-жылы Соронбай экоону сактап калган ошол Мырзакматов эмес беле!
10.06.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кайдан чыккан ХХХ ыя
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-11 13:04:59
10.06.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айналайындар азаматсынар 50 жылдан кийин коробуз ким эмне кылганын чындыкты азыр колунда бийлиги байлыгы барларды мактай беребиз.
10.06.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаттык радиосунун беруулорундо качып кеткен Кадыровдун суйлогону бар экен. Ал айтып атат эгер Сот адилетуу болсо барып соттошмокмун Оштогу ызы чууну бийликтегилер чыгарган деп. Сабыр кылып туралы созсуз жазаланаар кун келет Временное правительствону. Канча элдин омуру кеткен коогалан учун эч ким куноону мрюнуна албадыго тооба
10.06.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
jbolotov, Кадыржан Батыров деп жазайын десен керек эле, Кадыров эмес...

Батыров "Убактылуу Окмот" мучолору тууралуу 80-90% туура айткан, айрым жерлерин бираз бурмалаган, "Убактылуу Окмот" менен кызмат соодалашкандарын, чогуу отуруп аш жегендерин айтпаган экен.

Анан озунун чыныгы максатын да жашырып коюптур, ал чынында "убактылуу окмоттун" чабалдыгынан, сатылмалыгынан пайдаланып Кыргызстандын туштугун болуп алгысы келген, озбектердин жери деп
CEO түзөттү 2017-06-10 13:00:13
10.06.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кудайды карасанар боло!Эл билет ким эмне кылганын мына мен да билем!!!
10.06.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баяман тирүү болгондо ушул окуя болбойт беле...тарых баарын өз ордуна коёр...
Азыркы сайраган өрдөктөргө да мыйзам иштейт деген үмүт менен жашай береличи...
10.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сценарийди аябай коркомдоп жазып берген экен да сага Зикиров
10.06.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
nargiz-sa,оштогу коогаланга болунгон милиондорду ушул ага ини Жеенбековтор уруп кеткен деп эле жазсанар болот эле
10.06.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кунго чейин эмнеге айтылбай келди анда? Баатыр деген наам берилиши керек экен да...
10.06.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
СОБРдын командири,дагы эмне кылган Сооронбай?Колуна автомат алып душмандар менен эбегейсиз согушбады беле Сулайман тоонун боорунда?Көкүрөгүн өзбектердин өгуна тоскон деп айта берсен да болмок экен биротоло.Соке президент болот десе эле подхалимство кылып ар нерсени былжырай беришет экен да.Ошту М Мырзакматов жана мен Кыргызмын деп кыргыз элине күйгөн эр азаматтарыбыз сактап калышты го,өз өмүрлөрүн курман кылышып.
10.06.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апенди кызын мактагандай эле кеп болуптур.
10.06.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ахматбек келдибековду коргонмун козум менен элдерден кабар алып элди аралап жургонун а бу кишини укбаптырмын
10.06.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Президенттик шайлоого убакыт келе жатат да/бул али башталышы.Эртен Ошту гулдой кылып шаар кылган ушул акабиз деп чыгышат потхалим укалари.
10.06.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ташиев, С.Жапаров, Келдибековдор Ош коогаланында эл менен жургон, Ташиев Жалал-Абадда коогаланды тынчтык жолу менен чечууго аракет кылган. Ошол учун 2010-жылы кузундо ЖК шайлоодо Ата-Журт партиясын колдоочулары коп болгон...

Ал эми Жээнбеков кайда жургонун озу эле билбесе эл билбейт! Жээнбековдор кайра жабыркагандарга болунгон акча боюнча айыпталып журушот эле го жеп койду деп. Жанторо Сатыбалдиевге да кылмыш ишин эч ким козгободу, 5-6 миллиард сомдун дайыны чыкпаса да.
10.06.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушунчалык айтипсин озбекстандан келген 2000 дей согушчанды Жээнбеков озу жалгыз кууп кетирген деп койбопсун
10.06.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ызы чуу болуп атканда ошол убактагы коргоо министри болгон Исаковду кайда десе Ыссык колдо журуптур деп радиодон оз кулагым менен уккам. Кийин депуттатардын отурумунда мен кыйраттым ошондуктан силер тынч отурасынар ушул жерде деген)) Оштогу ызы чууну Ташиев басканын ошол жерде жургон жигиттерден уккам
10.06.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Алай гостиницанын алдында бир эки муш жеп общижитияга качып киргем ал жерде кандай болгонун жакшы билем тунку саат 10 дон отуп калганда тан атканча милиция кызматкерлери келбеген.
10.06.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол убакта общижитияда жашагандардан сурасанар жакшы билишет бийликке да зв кылганбыз буйрук келбей жатат деген гана жооптор менен чектелген
10.06.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХ да чеги болотго. Эмне болгон жеенбеков жургон ош окуясында Эч тушунбодум. Ош окуясында Мелис Мырзакматов Камчыбек Ташиевтер журду элего. Калпты кичине окшоштуруп айтса боло. Эл ишенет деп эле урдура бербей.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-11 13:39:16
10.06.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай ай аргасыздан кулкун келет да ээ...
11.06.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
июнь окуясында башы көрүнүп калган чоңдордон Садыр Жапаров.Камчыбек Ташиев.Жылдыз Жолдошева.Ахматбек Келдибековтор эле келген анан Оштун эл башчысы болуп Мелис Мырзакматов жүргөн калган бирөөсүда келген эмес эл билет баарын ким кантип жардам бергенин каякта жаргөнүн анан эле уялбай ушинтип чыга калышат.Мен баа бергеним Садыр Жапаров болду өзү Көлдөн болсода жүрөгү кыргыз деп соккон чыныгы мырзасы экен түндүктөн келген жалгыз адам ошол кимдин ким экени ошондой убакта билинет
11.06.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карандай калп! Эми эстен чыгып баштаган кунду эске саласынар! Булар Алишер Сабировго обладминистрациядан шарт тузуп берип, ал бут дуйного кыргызды жырткыч кылып корсотууго жетишкен эле. Ал эми чынында ошондо кызматта отургандын баары элге жардам бере албаган, качышкан оздору! Анан туугандарга курал жарак таркатышкандар да журот бийликте бугун! Ошондогу айрым кызматы барлар эл менен аралашып жургондору да болгон, кийин иштен куулушту го! Шаарды бербейм деп тике тургандар азыр жок бийликте!
12.06.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев, Курсан Асанов, Толкунбек Шоноев деген да жигиттер бар тынчтыкты сактоого сплымы бар. Аларды да айта кеткиле.
09.08.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коооой ээээ чык эшикке!!!!! Кайдагы жомок фуууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: