super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: 9 жыл мурун залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматов каза болгон

 

Кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюренберг шаарынын ооруканаларынын биринде 2008-жылы 10-июнда пневмония оорусунан дүйнө салган. Ошол жылдын 16-майында Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучу ооруканага жеткирилген.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Атасы Төрөкул Айтматов 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул Айтматов 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.
1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Чыңгыз Айтматов 14 жашта экенине карабай Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана болгон. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
Чыңгыз Айтматовдун китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. 2008-жыл – Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган.
10-июндун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.06.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхка татыктуу из калтырган инсан.Жаткан жери жайлуу болсун Чынгыз агабыздын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: