Чехия Кыргыз жергесинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-июнда Казакстандын Астана шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Чехиянын президенти Милош Земан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчылары эки тараптуу байланыштарды бардык деңгээлде пайдаланууну колдой турганын билдирип, Кыргыз Республикасына Чехия инвестицияларын тартуу маселелерин жана конкреттүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун перспективаларын талкуулады.
Чехиянын Президенти Милош Земан чех тарап Кыргыз жергесинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди.
Алмазбек Атамбаев Чехиянын Президенти Милош Земан аркылуу – чех элине Кыргыз өлкөсүнө өткөн кылымдын 30-жылдары көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги ата мекендик өнөр жайдын калыптанышына жана өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун баса белгиледи.
Президент Атамбаев ошондой эле Кыргыз Республикасында негизги чөйрөлөрдөгү жүргүзүлүп жаткан реформалар жана бардык тармактардагы процесстердин ачык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.



1 |