super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ИЮНЬ: Экс-депутат Исмаил Исаков 67 жашка толду

 
Саясатчы, 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Исмаил Исаков 67 жашка толду. Ал 1950-жылы 10-июнда Ош облусуна караштуу Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1973-жылы Ташкенттеги В.Ленин атындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 1978-жылы Марксизм-ленинизм кечки университетин (Венгрия), 1984-жылы М.Фрунзе атындагы Аскердик академияны (Москва), 1989-жылы “Выстрел” жогорку офицердик курсун (Солнечногорск шаары, РФ), 1996-жылы Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын, 1998-жылы Эл аралык гуманитардык укук институтун (Сан-Ремо шаары, Италия) жалпы аскердик командалык, жөө аскерлердин күжүрмөн машиналарын, бронетранспортерлорун жана автомобилдерин эксплуатациялоо, командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык; мамлекеттин аскердик коопсуздугу; куралдуу чыр-чатактар укугу адистиктери боюнча бүтүргөн.
1973-1978-жылдары – мотоаткычтар взводунун жана ротасынын командири (Венгрия) болуп иштеп баштаган. Андан кийин Орусия жана Украинада бир катар аскердик кызматта иштеген. 1996-жылдан тартып 1999-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы. 2001-жылы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тышкы байланыштар, коопсуздук жана региондук өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Ал эми 2005-жылдын мартынан тартып 2008-жылдын майына чейин - Коргоо министри, 2008-жылдын майынан тартып октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрелинен июнуна чейин - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү – Коргоо министри, 2010-жылдын 13-майынан тартып 21-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча социалдык, саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлү болгон.
2010-жылдын октябрында КСДПнын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. “Генерал-лейтенант” аскердик наамы бар. Баткен жана Алай райондорунун ардактуу жараны. Ош технологиялык университетинин ардактуу профессору. Отуздан ашык илимий монографиянын жана макаланын автору.
10-июндун жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.06.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жогоруда бир окурман, Ош коогаланы учурда Исаков Ысык-Колдо жургон экен, радиодон укканмын деди эле, ошол чын окшойт. 2010-жылы 10-июнда, Исаков мырза туулган кунун белгилеп колдо жургон десе мен тан калбайм...

Исаковду биротоло жаман деп айтуудан алысмын, бирок 20-май 2010-жылы Телтору ат майданында элге берген убадасынын устунон чыккан жок. Эгер ошол убакта чара коргондо, Батыровду камаганда элдин талабын аткарып, Ош окуясынын келип чыгышы кумон эле. Убадасына турбады..
10.06.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2010-жылы 10-июнда Исаков 60 жашка толгон экен. Менимче 60 жаш юбилейин Ысык-Колдо тосоюн деген го, туштукто абал курчуп турганда... Юбилейди ойлогуча ошол кырдаал боюнча кобурок ой толгогондо, кырдаалга туура баа бергенде, Батыров менен "жен ичинен" соодалашпай, элдин кызыкчылыгын жогору койгондо, 19-майда орун алган тополондо элге ок аткан Батыровдун баш кесерлерин камаганда Ош окуясы болмок эмес, жуздогон адам олмок эмес. Ошол маркумдардын каны "Убактылуу Окмоттун" мойнунд
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: