Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге талкуунун катышуучуларынын бири Назира Бегим билдирди:
"Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерде 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз", - дейт.
Бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айткан.
"Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи, демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп өзүнө, күйөөсүнө көӊүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө "иммунитет" жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот", - дейт Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов: "Эки аял алуу диний маселе эмес, улуттук көйгөй"

Илгерки Жантай чал менен Ак Моорлор бугун кобойсун дегени турабы?! Ансыз да аттуу-баштуу байлар, саясатчылар сакалы саксандап карыган чакта 18 жашар солкулдаган кыздарга уйлонуп жатышат. Ошол эле Кулов, Бакиев, Т.Бакиров ж.б.ж.б.
Бир аялды,эки-уч баласын тыныраак бага албай жургондор кантет.Бир аялдын колтугунда жашынып жургондор экинчинин да колтугуна кире качат да.
Кимиси кардын жакшы тойгузса ошого качып!!!
Нак гана лоолунун эркеги болушатда калат экендаа...
Азыркы аялдар бир эркекке баш бербей калган учур.
Баары тобокелге барат,эки ортодо жургон эринен коро эрсиз!отконум жакшы дешет.
И так аялдар багып жаткан маалда"эркектерди"
Анда 2-аял алгысы келгендер жашы 40тан ашкан аялдарга уйлонушсун, соопчулук кылгысы келсе, жесир, кара далы же
60тагы чалга тийген 18деги кыз, аз убакыттан кийин озуно ойнош издей баштайт. Жаш болгон сон ойноп-кулгусу келет. Тошокто 60тагы чал менен 20дагы жигитти салыштырып болобу?! Озунор зынакорлукка туртуп жатасынар!