Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 10-июнда Бишкекте эки аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге талкуунун катышуучуларынын бири Назира Бегим билдирди:
"Улуттун келечегин ойлоп ушул маселени алып чыктык. Бул жерде 4 же андан көп аял алууну эмес, 2 аял алууну мыйзамдаштыруу жөнүндө сөз болуп жатат. Жакын арада бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлат. Референдум өткөрүү боюнча да сүйлөшүп жатабыз", - дейт.
Бүгүнкү талкуунун жүрүшүндө Чубак Жалилов бул маселе диний эмес, улуттук көйгөй экенин жана экинчи аял алуу менен түгөйлөр ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүгө болорун айткан.
"Бул нерсе мыйзамдаштырылса, экинчи аял деле биринчи аялындай эле укуктарга ээ болот. Экинчи, демек, кызматкер катары ал үйгө барат деген туура эмес. Аял балалуу болгондо жүдөп өзүнө, күйөөсүнө көӊүл бура албай калат. Экинчи аял болсо, биринчи аялда өзүн каранып жүрүүгө "иммунитет" жаралат. Ден соолугуна да, күйөөсүнө караганга да жакшы болот", - дейт Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов: "Эки аял алуу диний маселе эмес, улуттук көйгөй"


Биринчи тарбияны, ыйманды ондоп алгылачы кыргыз элим! Эркегин болобу ургаачын болобу ыйман, намысын менен болуп зына жолунан алыс болуп, ошол сойкулук, женил ойлуулук жоюлса анан ошондо ойлонуп коргулочу бул теманы...
Азыр кочо толо сойку, эркеги да, аялы да.
Жомок айтканда да кичине окшоштуруп жазып жургулочу?!!
Кылымдардан бери сойкулук жок кыргызда эркеги да ургаачысы да сойку болуп чыга келгени элдин ыймандан кетип женил ойлуу болгонубу же кылымдардан бери дефицит болбогон эркек акыркы 20-30 жылда дефицит болуп кетиптирби?!!
тиеби, кудай бешенеге жазып
койгон. Аны сен чечпейсин
Кыргыз аз болсо кобойгуло, ал учун созсуз 2 аял алуу шарт эмес. Чон эненер 10дон ашык бала торочу, апанар 4-7ден бала тороду, ал эми силер катынынар 2-3ту торосо суйунуп коюп отурасынар! Колунан келеби 7-8ден торот балдарды! Бирок кеп торотуп эле коюшта эмес, алардын курсагы ток, кийими бутун, баарынан да тарбиясы мыкты, ыйман, намыстуу кылып тарбиялоо керек!
Ал эми Чубак ажыны копчулук тушунбой турат. Буга чейин ажыке деп сыйлап келсе, бугунку созуно аялдардын 95%ти, эркектердин 30-40%ти каршы. Эми эркектерди тушунсо болот, эгер аялдарга бир убакта 2 эрге тийууго уруксат берсе эркектер да 95% каршы болмок, же калппы?!!
Эми айланып тегеренип келип кайра эле ошол доорго барып калыптырбыз да, алдыга онугуунун ордуна 150-200 жыл артка кетип...
Күйөөңөргө экинчи аял алып бергиңер келбесе алып бербей эле койгула.
Бирок билип , билбей ар кандай талкуу кылып жатып Аллахтын мыйзамы болгон Куранга каршы сөз сүйлөп албагыла.
Ыймандан чыгып калуу коркунучу бар.
Ансыз да уйлонгондор уйлонуп жатат го, Чубак ажынын так максаты эмне?!!
Анан да ажыкен озуно озу соз тилеп жатат, элдин жашоосуна кийлигишип, биз Чубак ажыны тынч отурса барып тийишип жамандап жаткан жокпуз. Сен мисалы оз карындашын же кызындын 2-катын болуп тийишин каалайт белен чалдарга?!!
Молдо-кожолор илгеркилей байлардын камчысын чаап, аларга кызмат кылууга оттубу, шариятты бай-манаптардын каалоосуна жараша озгортуп...
Элдин эсебинен жашагандар бугун да толтура, ЖК ар бир депутаты жылына аз болгондо 6 миллион сом жумшайт элдин эсебинен.