Бүгүн саат 15:00дөн баштап SUPER.KG`нин түз эфиринин кезектеги коногу, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевге суроо узатыңыз

Кыргыздын белгилүү жаш саясатчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 12-июнь күнү саат 15:00дөн тартып SUPER.KG'нин түз эфиринде маек курат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, конокко кызыктуу суроолоруңузду узатып калыңыз.
Суроолорду шилтеме аркылуу "Суперстан" бөлүмүнө өтүп, бул жерге калтырыңыз. Ошондой эле WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-09

18:43
2025-07-09
Рейтинг:
-1

1)Сиз айткан чет өлкөдө берилген студенттер үчүн бюджеттик орундарга чондордун балдары илинди деген сөздүн канчалык чындыгы бар???
2) Эгер менин да синдим бар ал мектепте эң жакшы окуйт. Мен да убагында эң жакшы окуйт болчумун кызыл күбөлүк алтын медал үчүн жарыштарга барганмын акча бергендер алган бизден жаман окуса да. Мен да каражаттын айынан бир четинен ала качуунун айынан окубай калганмын үй-бүлө куруп. Айтайын дегеним сиңдим 9ду бүтөрүп Б
Нарындагы БАУ универинде чыккан тизеге чоголотмой чырына кандай карайсыз. Бул жанжал Билим беруу тармагына сырттан келчу инвестинцияга коркунуч жараткан жокпу? Экинчиси, чет олкодон келген бюджеттик орундардын министрлик тарабынан акчага сатылып жатканына кантип богот койсо болот.Же министрлик жалан чондордун балдарына гана кызмат кылабы? Сизди оз айылына жаны мечит анан мектеп салды дейт, ошол чынбы?
Суроом: Кыргызстанга чет мамлекеттерден келген акчаларды социалдык маселелерге жумшабай завод, фабрика, ишкана окшогон мамлекетке пайда алып келе турган нерселерге жумшап, ошонун эсебинен мектеп,жол курууга жумшасак болбой беле ?