Талас. «Турмуштун азабы» драмасы коюлду

24-октябрда Кара-Буура райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Назарбек Боронбаевдин
“Турмуштун азабы” аттуу 3 көшөгөлүү, 2 сүрөттүү драмасы Кызыл-Адыр айылындагы
“Семетей” кинотеатрында коюлду. Драманын өзөгүн аракечтик, мектеп рэкетчилиги,
адам сатуу маселелери түзөт. Башкы ролдорду “Маданияттын мыкты кызматкери” төш
белгисинин ээлери Ж.Нурматов, Б.Алыбаева, Т.Турдумамбетова, Г.Байсейитова
жана башкалар жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабууларына
ээ болушту.
Аталган драма буга чейин коңшулаш Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылына да
коюлган.
Автор: Нургүл Чабдарова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

