super.kg logo

Раккада "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы өлтүрүлгөнү айтылууда

 

Сириянын түндүгүндөгү Ракка шаарына болгон авиасоккуда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлүшү мүмкүн болууда. Бул маалыматты Daily Mail басылмасы бүгүн, 11-июнда жазып чыкты.

Абу Бакр аль-Багдади өлтүрүлгөндүгүн алгач Сириянын мамлекеттик телеканалы маалымдаган. Бирок согушкерлердин официалдуу басылмасы Amaq бул маалыматты тастыктай элек.

Бул аль-Багдадинин өлтүрүлүшү тууралуу алгачкы маалымат эмес. Буга чейин дагы аталган террордук уюмдун башчысынын өлтүрүлүшү тууралуу бир нече жолу маалымат тарап, бирок жалган болуп чыккан.

Маалымат үчүн: Абу Бакр аль-Багдадинин чыныгы ысымы Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри. 2014-жылдын июль айында ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун башчысы катары коомчулукка таанылган. Анда аль-Багдади Ирактын Мосул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюму тарабынан басып алынган мечитте сүйлөп, Жакынкы Чыгышта "ислам халифаты" түзүлөрүн жарыялаган.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна АКШ, Канада, Улуу Британия, Түркия, Египет, Австралия, Тажикстан, БАЭ, Индия, Индонезия, Израиль, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
11.06.2017. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эгер чындап өлтүрүлгөн болсо, күнөөлүү болсо аркы дүйнөдө да кудай өзү жазалайт. Канчалаган күнөөсүз адамдар көз жумду бул жашоодон ошол ИГИЛ дин айынан
11.06.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле олгон болсун эми. Мындан нары залакасы тийбесин эч кимге
11.06.2017. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Игилдер Иракта журушот. Сирияда эч кандай террористтер жок, ал жакта биздин суннит бир туугандарды бомбалап жатышат. Россиянын жалган маалыматтары тажаттыго.
12.06.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GENTLEMEN, кокуй, анда жон жашап жаткан, эч кимге эч нерсе кылбаган адамдарды бомбалап атышабы.
12.06.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suban78, ооба, бийликте турган башар асад шииттерден, аларды россия колдоп жатышат, оппозицияда сунниттер, алардан бийликти алыш үчүн путин асадка жардам берип, калп эле игилди шылтоолоп сунниттерди талкалап жатышат.
12.06.2017. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
GENTLEMEN, Сирияда эч кандай террористтер жок? Сен ушул нерсени билип билбей жазып жатасыңбы же атайын элеби? Силер ушинтип эле адамдарды вербовать этип Сириядагы суннит туугандарга жардам берели деп жөнөтүп жибересиңер.
11.06.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушулар жаман тойгозушту.Кысыып эле бала-чакасынын жанында отурбайбы кок чайдан ичииип.Же ушунчалык адамдарды олтуруп,ар жерди бомбалагандан ырахат алышабы булар?Олгону чын болсун!Кудай жазасын берсин ушундай акмактарга!
12.06.2017. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
-Sumitra-, Кудайдын атын жамынып ар кимдерди олтурсо, тиякта вообще эле жазаласа керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: