super.kg logo

Караколдо спорт мектебинин машыктыруучусун сабагандардын бири мурдагы Каракол шаардык кеңешинин депутаты экени аныкталды

 

Караколдо спорт мектебинин машыктыруучусун сабагандардын бири мурда Каракол шаардык кеңешинде "Улуу Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон Максат Касенов экени аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Окуядан кийин дароо эле шектелип, 2 адам кармалган, алардын бири Максат Касенов болчу. Аларга 48 сааттан кийин 9-июнда Каракол шаардык сотунун чечими чыгып 2 айга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт Сталбек Усубакунов.

Ал эми жабырлануучу Акысбек Өмүрбековдун абалы учурда турукташып калганын дарыгери кабарлады.

"Жакшы болуп калды, жандандыруу бөлүмүнөн которулган. Учурда абалы туруктуу", - дейт Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Рысбек Жусупов.

Эскерте кетсек, 7-июнда Каракол шаарындагы "Алга" спорт мектебинин машыктыруучусу Акысбек Өмүрбеков катуу сабалып оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.06.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтин шайлоодо добуш болушу учун срочна тузгон партиясынан экен.Буларга закон жок.
12.06.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага, байлар менен криминалдардын заманы болуп калды. Бийлик да толук ошолордун колунда. Байкуш элди мите курттай туш туштан канын соруп кыйнап бутту. Эртен шайлоодо элдин башы айланып жарымы кайра эле добушун сатышат, кайра эле байлар, криминалдар бийликке келсин деп...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: