Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы: “Караван” соода борборунун ижарасынан 5 миллион сомдон ашык каражат түшөт”

“Караван” соода борборунун ижарасынан 5 миллион сомдон ашык каражат түшөт”, - деп билдирди бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков.
Ал билдиргендей, 1-майдан баштап соода борбору толук кандуу мамлекеттин карамагына өттү. Анын айтымында, ижарадан түшкөн каражаттын бир бөлүгү имараттын өзүн камсыз кылууга кетет. Ошондо бюджетке 4 миллион сом киреше түшөт.
Учурда жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамлекеттик мүлктү башкарууда жүргүзүп жаткан өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат угулуп жатат.
Эске салсак, Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевге тиешелүү "Караван" соода борбору мамлекеттин карамагына өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

