super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Айыл банк": "Банкомат иштебей калган учурда пенсияны банктын аймактардагы бөлүмдөрүнөн алса болот"

 

"Айыл банктын" Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Шамалды-Сай шаарындагы банкоматы иштебей жатканын окурман бүгүн, 12-июнда кабарлаган. Бул боюнча SUPER.KG порталы «Айыл банктын» адистеринен жооп алды.

Аталган банктын өкүлдөрү аймактардагы банкоматтардын иштөөсүндө маселе жаралып жатканын, учурда аларды жөнгө салуу боюнча адистер иштеп жаткандыктарын айтышты.

Албетте, техника күтүлбөгөн учурда бузулуп, кардарлар үчүн ыңгайсыздык жаралышы мүмкүн. Бул учурда "Айыл банктын" аймактардагы бөлүмдөрүнө барып, пенсияны накталай алса болот. "Айыл банкынан" тышкары дээрлик бардык банктардын банкоматтары пенсия үчүн алынган акчадан пайыз кармап калбайт. Биз бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, - дешти банктын кызматкерлери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: