super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыскелди Момбеков "Өкмөттү келе жаткан шайлоо жана кызмат гана ойлонтот" деди

 

“Өкмөт акыйкатчынын баяндамасын эске албайт, алар шайлоо кандай өтөт дегенди ойлойт”, - деп билдирди бүгүн, 12-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында аялдардын жана балдардын эмгек укугун сактоо боюнча акыйкатчы баяндама жасады.

Момбеков комитет баяндама эске алынсын деп гана чечим чыгарып койбош керек экенин айтты.

“Өкмөт баяндаманы эске албайт. Алар “ким премьер-министр болот? Мен өз кызмат ордумда каламбы?” дегенди ойлошот. Акыйкатчы институтун акыл айтуучу институтка айлантпоо керек. Өкмөт баяндамада айтылган аялдардын жана балдардын эмгек укугу бузулуп жатканы боюнча көзөмөлгө алуусу зарыл”, - деди ал.

Депутат эмгек укук бузулган боюнча канча кылмыш иши козголгону тууралуу сурады. Анын суроосун мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өкүлү эмгек укукту бузгандарга инспекция эскертүү бере турганын айтты. Аткарбаса жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди. Ал эми канча кылмыш иши козголгонун айткан жок. Момбеков аталган инспекция коррупциялык органга айланып баратканын белгиледи. "Инспекция “Дыйкан” базарын жабат да, адамдардын коопсуздугун эске албайт", - деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: