super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эркектер өмүрүндө бир гана кызды сүйөт, калганы анын көлөкөсү деген чынбы?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер өмүрүндө бир гана кызды сүйөт, калганы анын көлөкөсү" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Туура айтасыңар, эркек бирөөнү гана сүйөт. Калганын ошол кызга окшоштурасың же окшош болуусун каалайсың".

"Кайсы бир учурда биринчи сүйгөнүнө окшошун издеши мүмкүн. Анткени анын жакшы жактарын, баарын байкап, анын кандай экенин билип бүткөн дейли, бирок турмуш экөөнү эки жакка ажыраткан соң кийинки адамдан ошол саппаттарды издеши мүмкүн. Бирок андан табалбаган жылуулукту, ага болгон мээримди башкадан табаттыр же тескерисинче ага жасаган мамилени башка адамдан таба албайттыр. Ошондуктан да бир жолу сүйүү келет деп айтылып калса керек".

"Адамда бир эле жүрөк болгондон кийин бирөөнү эле сүйөт. Ал эми көрүнгөндү сүйөм дей бергени сүйүү эмес, жөн гана жактыруу, кызыгуу, көңүл ачуу. Көпчүлүк учурда башка эле сезимдерди сүйүү менен чаташтырып көп ката кетиребиз".

"Кимге кандай билбейм, мен келинчегимди окуп жүргөндө эле сүйүп, жетүүгө максат койгон элем. Мына үйлөнгөнүбүзгө он жыл болуп, бала-чакалуу болсок да сүйүүбүз күчөп, темирдей чыңалууда. Жашоонун кызыгы сүйүү менен гана. Болгону бир адамды сүйүү жана аны бактылуу кыла билүү керек".

"Ооба, эркектер бирөөнү гана сүйөт жана ошого жетүүгө аябай аракет кылат. Эгер жетпесе башкасына ооп кете берет. А биз байкуш аялзаты күйөөгө тийиш керек, сүйөсүңбү-сүйбөйсүңбү ал жагы кызыктырбайт. Жуучулар келсе "эки жаш бактылуу болсун" деп бата кылып жиберишет. Төрөш керек, жашаш керек, бизде ушундай".

"Эркектер бирди эле сүйөт дегенге мен кошулбайм. Эркектер бир учурда экөөнү же үчөөнү бирдей эле сүйө алат, жаратылышыбыз ушундай. Жараткан бизге ушундай өзгөчөлүк берген, ошондуктан төрт аял алганга уруксат берилген".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.06.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялын сыйлаган, уй-булосун сыйлаган аялына эч кимди тенебеген акылдуу туруктуу мырзалар булар бул жашоонун козго корунгон периштелери десек да болот. Аялы бар туруп башкаларга коз арткан эрекектер ушунчаклык жийркеничтуу. Куйоосу туруп башка эрекектер менен жургондор да адамдын кускусун келтирет. Баарыбыз учун уй-було ыйык эн эн эн биринчи орунда болсо бул дунуйдо бактылуулардын саны артмак.
Kunbeken түзөттү 2017-06-12 19:44:18
12.06.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирибиз бироонун куйоосуно, бирибиз бироонун аялына, кызына коз артпай акылыбыз менен бололу. Бизге боло берет канча аял алсак да эмне кылсак да жараша берет биз табиятыбыздан ошондойбуз деп артын ойлобой суйлогондор биз табиятыбыздан аял кишини сыйлоо учун, эч нерседен кем кылбай, ыйлатпай бактылуу кылуу учун жаралганбыз деген созго алмашса бактылуулардын саны артмак..... Табиятынан ошондой болуп эмне эрекектер айбан беле алар деле биздей адам эки бутуу эки коздуу дегендей . Айбан болгон кундо
Kunbeken түзөттү 2017-06-12 19:43:18
12.06.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колуңан келсе күндө сүй деген бир акын
13.06.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не только эркектер баары адамар омурундо бир жолу суйот кийин ага окшошун издей берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: