АКШнын прокурорлору Дональд Трампты чет өлкөдөгү бизнес инвестициялары үчүн сотко берет
АКШнын Мэриленд штатынын Башкы прокурору Брайан Фрош жана Колумбия округунун Башкы прокурору Карл Рэйсин президент Дональд Трампты антикоррупциялык мыйзамдарды бузду деген кине менен айыптап, 19-июнда сотко берет. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда Washington Post басылмасы жазды. Прокурорлор Трамптын чет элдик бизнес инвестициялары АКШнын конституциясына карама-каршы келет деген пикирде.
"Бул Трамп президенттик тактыга келгенден кийин анын бизнестеги ээлик кылуу укугуна коюлган биринчи доо болууда. Январь айында Трамп кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн өзүнүн бизнес активдерин уулуна өткөрүп берерин айткан. Бирок прокурорлор Трамп бизнес тармагындагы убадасын аткарбаганын айтууда. Анткени президенттин уулу Эрик Трамп президент өзүнүн бизнес компаниясынын каржылык абалы туурасында ар дайым отчёт алып турганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.
Прокурорлор Рэйсин жана Фрош териштирүү ишин баштаса, алар Трамптан салык декларациясынын көчүрмөсүн талап кылып, анын кирешелерин ачыктамакчы. Башкы прокурорлор бул иш жакын арада Жогорку сотто карала турганынан үмүт артууда.
АКШнын Баш мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөдөн түрдүү белек жана жеңилдиктерди алууга тыюу салат.









1 |