super.kg logo

Жаанда калып жол кыймылын жөнгө салган Патрулдук милиция кызматкерине сыйлык тапшырылды

 

Бишкек шаарындагы жол чырак иштебей калган кесилиште жаанда суу болгонуна карабай жол кыймылын жөнгө салган Патрулдук милициянын кызматкери Азимбек Асанов Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.

Бул туурасында бүгүн, 12-июнда Асанов SUPER.KG порталына кабарлады.

Бүгүн эртең менен өздүк курамдын алдында, Бишкек ШИИББинин жана шаардык Патрулдук милициянын атынан Ардак грамота менен сыйландым. Ал жерде бир гана мен сыйлык алган жокмун, менден башка да кызматына жоопкерчилик менен мамиле кылгандарга сыйлык тапшырылды. Алган сыйлыгым мага мындан ары да кызматыма берилгендикти, чоң жоопкерчиликти пайда кылат”, - деди Асанов.

Эскерте кетсек, өткөн жумада катуу жаан жаап, шаардын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүп калгандыктан жол чырактар иштебей калган. Жука көйнөкчөн Патрулдук милициянын кызматкеринин жолдо тыгын пайда болбошу үчүн жаанга карабастан кыймылды жөнгө салып иштеп жатканы тартылып алынган видео интернетте кызуу талкууну жараткан.

Буга чейин маалымдалгандай, Азимбек Асанов жаан жаап жаткан учурда 40 мүнөттөй жол кыймылын жөнгө салган. Кийимдеринин баары суу болгондуктан иниси үйүнөн алып келген кийимдерди кийип, кайрадан ошол күнкү кызматын уланткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
12.06.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сыйлык кут болсун жолдош старшина!
12.06.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушундай жумушуна берилуу менен иш кылгандардын айлыгын катарындагыларга салыштырмалуу 2,3минге коп берсе жакшы болот беле деп ойлойм.
Баары берилип иштеп калышмак.
12.06.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-23
Өзүнүн жумушун туура аткарып койсо деле сыйлык бере бересиңерби.
12.06.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Seryi-Kardinal, Эми Ошо жонле кагаздан
Сыйлык Громатакен ошонуда коро албайсынарда.
Ошону учунда, ээ койчу деп бирибизда жакшы иштрди кылгыбыз келбейт, кылсакда же рахмат айтып бир нерсе бергибиз келбейт. Ушинтип же озубуз кылбай же бироону коралбай журо беребизби?
12.06.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мекен үчүн иштеген мырзаларыбыз көбөйсүн. Бул ардак грамота эч нерсе эмес, негизгиси элдин ырахматына татыдыңыз....
12.06.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Сыйлык кут болсун дейбиз. Бирок шериги сен кичне жамгырда чыгып иштеп тур мен сени тартайын видеого деген ойлорда пайда болот
12.06.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Burkut87,короалбастык качан токтоор экен
12.06.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Burkut87,оюн жаман экен да
12.06.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
званясын которгуло
12.06.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Званиясын көтөрүп койсо болмок, ардак грамота эмне үчүн министр МВДдан эмес?
12.06.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милдети экени чындык, бирок ошо милдетин да толук аткарбай эптеп журушпойбу , ошондуктан ишине берилуу мн кызмат кылгандарды сыйлап койсо башкаларга да улгу болот жана озуно андан да берилип иштешке стимул болот.
13.06.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат,оз ишин абдан суйот экен
13.06.2017. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
13.06.2017. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул сыяктуу жумушун чын журоктон аткаркан эр азаматтар Олкобуздо кобойо берсин. Азаматсын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: