super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ИЮНЬ: Альбинизм жөнүндө маалыматты таратуунун эл аралык күнү

 

Альбинизм латындын "албус" - "ак" деген сөзүнөн алынган. Альбиностор – планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктери аппак болуп төрөлгөндөр. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ткандарга өң берүүчү меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болушу альбинизмге алып келет. Негизинен альбинизм тукум кууйт деп айтышат адистер.

Дүйнөдө альбинизм менен жабыркаган адамдар коомчулук тарабынан көптөгөн басмырлоого туш болушат. Коомчулуктун түшүнбөө менен мамиле жасагандыгы альбиностторду коомдон өздөрүн алыстатууга алып келет. Буга байланыштуу БУУнун адам укуктары боюнча уюму ар бир мамлекетти альбинизмден жабыркаган бардык жарандарына карата басмырлоону жоюуга чакырган резолюция кабыл алган. Мындай чечим БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2014-жылдын 18-декабрында кабыл алынып, 2015-жылдын 13-июнунан тартып альбинизм тууралуу маалыматтарды таратуунун эл аралык күнү катары белгиленип келет.

13-июнга жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: