super.kg logo

Орусиядагы коррупцияга каршы акция жалпы 187 шаарда өтүп, Москвада миңдеген киши кармалды

 

12-июнда Орусиянын күнүндө Москва шаарында жана өлкөнүн башка шаарларында коррупцияга каршы акция өтүп, массалык камоолор менен коштолду. Бул күнү Орусиянын бардык бурчунда Орусия күнүн белгилөө үчүн майрамдык иш-чараларды уюштуруу пландалган. Акциянын уюштуруучусу Коррупция менен күрөшүү фондунун негиздөөчүсү Алексей Навальный 12-июнь күнү саат 13:30 чамасында кармалып, кечки саат 19:00 чамасында Симонов райондук сотуна алынып келинди. Анын аялы социалдык тармакка "ОМОНчулар үйдүн подъездинен кармап кетишти" деп жазды.

Акциянын жүрүшү Казань шаарында таңкы саат 07:00дө башталган. Ал жакта Коррупция менен күрөшүү фондунун өкүлү 400 демонстрант чогулганын белгиледи. Ушундай эле митингдер Орусиянын көптөгөн шаарларында өткөрүлүп, плакат көтөргөндөрдү жана акцияларды жер-жерлерде уюштурган жетекчилерди камоо, айып салуу орун алды. Жергиликтүү бийликтер демонстранттарды мыйзамсыз акция уюштурушту, уруксат берилбеген аймактарга чогулушуп, баш аламандык жаратышты деген айып менен жарандарды кармап кетип жатышты.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы Навальный уюштура турган коррупцияга каршы акцияны күн мурунтан талкуулашып, Сахаров кең көчөсүндө гана өткөрүүгө уруксат берген. Бирок Навальный буга макул болбостон, Тверь көчөсүндө өтөт деп 11-июнь күнү кечинде жарыялаган. Массалык камоолор, окуянын очогу Москванын дал ушул Тверь көчөсүндө орун алды.

Ушундай эле массалык кармоолор жана акциялар Санкт-Петербургда да орун алды. Саат 17:45ке карата Санкт-Петербург шаарында 900гө жакын адам кармалса, Москва шаарында бул убакытка карата 700 адам полиция пункттарына алып барылган. Ал эми түнкү саат 23:00гө карата Москва шаарында эле миңдей киши кармалган.

ИИМ билдиргендей аталган акция Орусиянын 187 шаарында өттү.






Орусияда Путинге каршы демонстрация өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.06.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
amerika katuu kiriwken okwoit, putindi almawtyruuga
13.06.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Причем тут Америка?! Путин акыркы кундору коррупциянын айынан пенсионерлердин акчасын тондурабыз деген и жеке ишкерлерге аябай катуу кысым коргозуп коп налог салган! Мигранттарга да ар кандай шылтоолор менен акча ондуруп жатат же жалганбы? Москвадагы жердештер билет аны, анысы аз келгенсип кимдин бизнеси коп пайда келтирсе аны тартып алышат даже вк сайтын негиздоочусу Дуровдон за просто алып коюшту го.1- каналга соз жок)))Четтен караганда баары жакшы сезиле берет да, аны колдогондун кереги жок!
13.06.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
pixduel1,эн туура путин тажатты элдерди.
Медиа-портал
13.06.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ эмне жетпей жатат дагы
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-13 14:09:29
13.06.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажатты!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: