Баткендин Төрт-Гүл аймагында жолдун курулушу "сапатсыз курулууда" деп токтотулду
Баткен шаарынын Төрт-Гүл тилкесинде курулуп жаткан жол талапка жооп бербейт. Бул тууралуу 13-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы маалымдап, аны куруп жаткан кытайлык компания тийиштүү эрежелерди сактабай иштеп жатканын билдирди. Башкача айтканда, компания сел өткөрүүчү бетон түтүктөрүн атайын түтүк орнотуучу кран менен эмес, жер тегиздөөчү техника менен орнотууга аракет кылган. Мындай мамиле адам өмүрүнө коркунуч жаратат.
Кемчилик ачыкка чыккандан кийин Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы жол курулушун токтоткон. Компанияга жол берилген мүчүлүштүктү жоюу, кемчилиги бар жерлерди талапка жооп бергидей кылып оӊдоо тапшырмасы берилгени айтылат маалыматта. Тийиштүү убакыт аралыгында тапшырма аткарылбаса, компанияга катуу жаза берилмекчи.
Бул тийиштүү органдардын көзүнө илинип калган фактылардын бири гана. Билинип-билинбей, сапатсыз курулуп жаткан башка жолдор да бар. Курулганына 1 жыл болбой жатып бузулуп баштаган жолдор анын далили.






1 |