super.kg logo
  Саясат  

Өздүк булак: Ахматбек Келдибеков "президенттик жарышка катышам" дебегенин айтууда

 

Өткөн аптада SUPER.KG порталынын түз эфиринде Адахан Мадумаров тандемдеши Ахматбек Келдибековго жакын арада жолугарын ырастаган. Жолукканда Келдибековдун "президенттик жарышка катышам" деп айткан-айтпаганын сурай турганын да кошумчалаган эле. Буга чейин Келдибековдун Алайда эл алдында жарышка аттанарын айтканы жөнүндө маалымат тараган. Бирок экс-спикер маалыматты тастыктай элек.

Ушул тапта Мадумаров-Ташиев-Келдибеков тандеми өз ара сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Жеке булактардын билдиргенине караганда, Келдибеков "президенттик жарышка катышам" дебегенин, Алайда айылдаштары жөн гана ат мингизгенин айтууда. Сүйлөшүүлөр аяктай элек, андыктан тандемдин мындан аркы тагдыры тууралуу жыйынтык чыгарууга азырынча эрте. 3 саясатчы бир күч катары иштөөнү улантабы же өз алдынча кетишеби, жакын арада билинет.

Мадумаров-Ташиев-Келдибеков тандеми 2016-жылдын ноябрында түзүлгөн. Биригүүнүн максатын өздөрү "алдыдагы президенттик шайлоого даярдануу" деп түшүндүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: