Жалал-Абад облустук Патрулдук милициясына "Рено Логан" үлгүсүндөгү кызматтык 10 унаа берилди







Жалал-Абад облустук Патрулдук милициясына жаңы кызматтык 10 автоунаа берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдалды.
"Ички иштер министрлиги тарабынан 10 даана "Рено Логан" үлгүсүндөгү атайын кызматтык автоунаалар Жалал-Абад облусу боюнча Патрулдук милиция кызматкерлерине тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Унааларды тапшыруу аземине Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. Берилген автоунаалар ОИИБинин район, шаарларындагы Патрулдук милиция бөлүмдөрүнө таратылат.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында Патрулдук милиция "Рено Логан" үлгүсүндөгү 65 унаа сатып алган. Ошол эле учурда Башкы прокуратура бул ишке байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуу менен тендердин талаптарына жооп бербеген коммерциялык уюмду жеңүүчү деп таап, андан соң 65 жеңил автоунааны сатып алуу боюнча келишимди бекиткен. Мындан улам бюджеттен 25,7 миллион сом мыйзамсыз жумшалганы аныкталган. Учурда бул иш Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кароосунда.

Бул машинелерди алат да, айдоочу токтотуп акчага "сындырып" оз чонтокторун кампайтышат же калппы?!!
Мына акыркы учурда жол кырсыктары кескин кобойду, ошолорду алдын алуу боюнча чара корушпойбу?! Шаар ичинде ГАИнин козунчо 90-100км/саат ылдамдыкта айдашат, ГАИшниктер эмнеге аларга чара корбойт?!!
1-айдоочулук куболукту сатканды токтотуш керек, бардык айдоочулар башынан экзамен тапшырып отконуно гана уруксат беруу керек машине айдоого.
2-ГАИшниктер айдоочулардын жол эрежелерин так сакташын козомолдошу керек, бир буйткада жашынып отурбай. Кырсыктар кобунесе жол эрежелери, анын ичинде ылдамдык сакталбагандан келип чыгып жатат.
3-мыйзам баарына тегиз иштеш керек. Адам олумуно себепкер мэрдин баласын бошотуп башкасын камоо туура эмес.
4-Жол кырсыгын алдын алуу жана жогоруда жазгандарым ишке ашуусу учун ГАИ жана Сот тармагында коррупция менен курошуу, паракор кызматкерлерди катуу жазалоо керек. Болбосо 10 же 1000 машине алып берсе да пайдасы жок!