Бишкекте Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат
16-майда саат 14:00дө Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган музейдин басма сөз кызматы билдирди. Көргөзмөдө Абсамат Масалиевге байланыштуу документтер, анын сүрөттөрү коюлмакчы.
Белгилей кетсек, Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусундагы Кадамжай районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы 31-июлда 71 жаш курагында каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.