Президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет ушул жылы боло турган президенттик шайлоону дайындоого байланыштуу токтомдун долбоорун 13-июндагы жыйынында жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Токтомдун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Ошондой эле бул документ аркылуу өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар көрсөтүлгөн.
Конституциянын талаптарына ылайык, Жогорку Кеӊеш шайлоого 4 ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

