super.kg logo

Өзбекстандан Кыргыздын карамагына өткөн пансионаттар өткөн жылы киреше таппай, чоң чыгашага учураганы айтылды

 

Өткөн жылы Кыргыз мамлекети Өзбекстандан өткөрүп алган 3 пансионат дотациядан чыгууну максат кылууда. SUPER.KG порталы бул пансионаттардын жоготкон чыгымдарын жана азыркы абалын билди. Учурда 3 жай тең Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Мүлк” Мамлекеттик ишканасынын карамагында.

Аталган ишкананын төрагасы Орозбек Нусувалиевдин айтымында, эс алуучу жайлар Өзбекстандын карамагында болгон жылдары эң арзан баада ижарага берилип турган.

"Буга эмеректердин, техникалык жабдыктардын жоктугу себеп болгон. Биз быйыл туристтик сезонго карата пансионаттарды калыбына келтирип, мамлекетке киреше алып келе турган шартка даярдап жатабыз. Акыркы бир жылда пансионаттар оңдоп-түздөөдөн өтүп жатат”, - дейт О.Нусувалиев.

Мамлекеттин карамагына алынгандан кийин аттары кыргызчаланган пансионаттар 2016-жылы иштетилгени менен киреше таппай, тескерисинче чоң чыгашага учураган. “Бостери” пансионаты 2 миллион 400 миң сом жоготууга учураса, “Эне-Сай” пансионаты 155 миң сом чыгымга учураган. Ал эми “Алтын жай” эс алуу жайы 534 миң сом киреше тапкан.

“Бул жылы “Алтын жай” пансионатынан 5,5 миллион сом киреше табууну мерчемдеп жатабыз. Ал эми “Бостери” пансионаты боюнча жалпы 15 миллион сомду пландаганбыз. Бирок ал жерде жасай турган жумуш жана башка көп маселелер болгондуктан анын барын эске алып, 560 миң сом пайда көрүүнү болжоп турабыз. Ал эми “Эне-Сай” боюнча план 3 миллион сом”, - дейт Нусувалиев.

Эске салсак, 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде Кыргыз өлкөсү Өзбекстандын карамагындагы пансионаттарды өткөн жылдын июнь айында өткөрүп алган. Анда СССР жоюлганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтүшү керек болчу. Кыргыз Өкмөтү бул маселеге 24 жылдан кийин кайрылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун карамагында учурда “Аврора” жана “Солнышко” пансионаттары бар. Аталган фонддун маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жылы эки пансионаттан мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын киреше түшкөн.

Эске салсак, бул 3 пансионаттын аталыштары Өзбекстандан өткөрүлүп алынгандан кийин төмөнкүдөй болуп өзгөртүлгөн:

"Золотые пески" - "Бостери",

"Рохат" - "Алтын жай",

"Дилорам" - "Эне-Сай".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
13.06.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы колдон келсе баардык ишканаларды озубузго откорсо жакшы болот мигрант байкелерибиз Россия
13.06.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откоруп эле отура бербей иштетпейби.
13.06.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RusMos76,ремонт кылып жатабыз деп ататко канча пайда табышында алдын ала есептеп койуптур
13.06.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
банкрот деп жарыялап аукционго койуп арзан баада чондор алатта.
13.06.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
didu,Туура, же болбосо ортодон талаш болуп силерге жок бизге да жок болуп турган чагы болсо керек.
13.06.2017. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
didu,орозбек нусувалиев деген киши барган жерин банкрот кылып, арзан баада озуно откорот. Мисалы, СЭЗ Бишкек, гостиница Ысык Кол. Эски бору, дагы эле тойбоптур. Кыргызстанды Кореяга карыз кылган киши, интернеттен ушул кишинин атын жазсанар чыгат
13.06.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайра берели дегинер келип атабы эми
13.06.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
roland,мен да ошону айтайын дегем.
13.06.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ойдо жактан бироосу карап отурат да иштебей калды анан кайра бироого бериш керек деп оздору алып койот
13.06.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстан деген соз колдонулбай калганбы. Баардык эле жерде Кыргыз го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: