super.kg logo

Евробиримдик менен АКШ Орусияны митингден кармалгандарды бошотууга чакырды

 

Евробиримдиктин тышкы саясий кызматы Орусиянын шаарларында коррупцияга каршы митингдерде кармалган жарандарды токтоосуз бошотууга чакырды. Бул туурасында биримдик жарыялаган кабарда айтылат.

"12-июнда орус бийлиги тарабынан Москва, Санкт-Петербург жана башка шаарларда жүздөгөн демонстранттар камакка алынды. Евробиримдик Орусия бийлигине эл аралык милдеттемелерди жана кармалгандардын укуктарын коргоо боюнча кезектеги чакыруусун жасады".

Ошондой эле АКШ Ак Үйүнүн маалымат катчысы Шон Спайсер да Орусия Федерациясына кармалгандарды тез арада бошотууга чакырганын CNN билдирди.

АКШ Орусияда тынчтык митингине чыгышып камалган жүздөгөн адамдардын тагдырын чечкиндүү талкуулоодо. Орусия бийлиги мындай аракеттери менен демократиянын баалуулуктарына шек келтирүүдө”, - деди Спайсер.

Москвада полиция 12-июндагы паракорчулукка каршы митингдерден 866 митингчини кармап кеткен. Алардын отуздайы полициянын убактылуу кармоочу жайына түнү бою калтырылган. Ал эми Санкт-Петербургда 400 адам кармалып, баары таң аткыча полицияда болушкандыгы кабарда айтылат.

Ал эми жүрүштүн уюштуруучусу, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Москвадан демонстрация башталганга чейин эле кармалып, 30 күнгө эркинен ажыратылган. Аны Москва райондук соту уруксат берилбеген коомдук жыйындарга каршы мыйзамды кайра-кайра бузганы үчүн күнөөлүү деп тапкан.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-июнда Орусиянын ири шаарларында коррупцияга каршы экендигин билдирген миңдеген жарандар митингге чыгышкан. Аларды полиция уруксаты жок чыккан деген негизде таркатып, айрымдарын кармап кеткен болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
13.06.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык жакка Акш башын тыгып турат екенда,
13.06.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leilektik,россияда митинг болсо АКШга майдай жагат да
13.06.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акш оздору колдоп чыгаргандыр ушу митингчилерди ызычуу кылгыла деп биздин шеф да уйронгон да сыраз камайт митинг кылгандарды
13.06.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушул навальный акшнын агентида
13.06.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиияда митинг болуп революция башталса.русский деген жаран жоголот биринчиден,андан кийин 100 ашык майда мамлект пайда болуп бааары АКШга баш ийип калат турабы комментариийчилер)))~
13.06.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG.2606.Noo, акш алда качан дуйнону басып алды эле россия жок болгондо путин эн акылдуу президент
14.06.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздеги кээбир митингтергеда ошо акш аралашат деп ойлойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: