super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов "Таза коом" долбоору боюнча оюн айтты

 

Өмүрбек Бабанов “Таза коом” долбоорун президенттик администрация алып чыгып жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал 11-июнда аталган долбоор боюнча форумда билдирди. Бул иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин, өкмөт мүчөлөрүнүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн.

Бабанов “Таза коомдун” программасы өкмөткө тиешелүү экенин айтты. “Долбоордо жакшы программалар көп экен. Бирок ким аткарат, иш жүзүнө ашабы, канча мөөнөттө ишке ашат? Бул боюнча катуу көзөмөлгө алуу керек. Программанын иш-чаралары өкмөткө тиешелүү болуп жатса, эмнеге президенттик аппарат алып чыгып жатат?” - деди.

Бабанов сөз болуп жаткан долбоорду бийликтин талапкери үгүт иштерине колдонушу мүмкүн экенин айтты. Бул упай топтоого жардам бербей турганын кошумчалады.

Буга чейин май айында экс-президент Роза Отунбаева да "Таза коом" долбоору боюнча өз пикирин билдирген болчу. Анда ал "долбоор шайлоо башталганга чейин элге көрсөтүлүп, кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштериндеги курал болбошу керек" деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: