super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Үйдө кенже келинмин. Кээде чарчаганда тажаган күндөр болот, кайра эле сабыр бер деп кызмат кыла берем"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кенже келин" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кенже келинмин. Жолдошум 9 бир туугандын кичүүсү. Келди-кетти коноктор үзүлбөйт. Майрам дегендерде өзүм майрамдап төркүнүмө барбайм. Бардык кайындарым келет, ошолорго кызмат кылам. Кайнежемдердин бирөөсү айылчылап келсе, 4 кайнагам балдарын ээрчитип келип, кайнежем кеткиче ушул жерде болушат. Анысы кетип, кийинкиси келсе дагы ошондой. Кыскасы, өз үйүңдө бутту сунуп, сыналгы көрүү же кенен отуруп тамак жеш жок. Алар чачып кетишет, эки күн жыйнайсың. Эми жыйнап бүттүм дегиче кийинкиси келет. Качан өзүбүз үчүн жашайбыз, билбейм. Аларды жакшы тосконго аракет кылам, бар тапканыбызды коём.Тамашалашымыш болуп ар нерсени сүйлөп нервимди бузушат".

"Беш бир туугандын кенже келинимин. Бирок мен башынан кичине келин болгум келчү. Кээде чарчаганда тажаган күндөр болот, кайра эле сабыр бер деп кызмат кыла берем. Кайын журтум жакшы адамдар, түшүнүктүү. Биздин үйдөн да конок үзүлбөйт, күнүм дасторкон жайып, жыйноо менен өтөт".

"Мен да силердей кенже келинмин. Үй-бүлөбүз чоң, кайын журт чогулганда 20 адамдан ашат. Баарына тамак жеткизип бүткөнчө, тамак ичип бүтүшөт. Анан жалгыз тамактана албай туруп кетем. Үйдү бир жактан жыйнасаң, бир жактан чачышат. Андайда кайнежем, кайын сиӊдилерим жакшы, жардамдашып жиберет. Бир гана көпчүлүктөн нервим чарчайт да".

"Мен дагы кенже келинмин, бирок биз иш менен сыртта жүрөбүз. Кичүүсү катары үйдө биз калбайбыз. Өзүң жашасаң тынчтыкка, аз адамга аябай көнүп алат экенсиң. Эс алууга барып, баарыбыз чогулганда мээм жарылып кете жаздайт. Кайненем бир жолу "ай, акырынгылачы, жеӊеңердин башы ооруп кетти окшойт" деп урушуп жатат неберелерин, менин кебетем келишип турган го. Ошондо үйдөгү келиндерге даңк дегем. Шаардагы абысыным экөөбүз үйдөгү келинди түйшүгү көп деп аяп турабыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.06.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кичуубу улуусубу турмушка чыгып кайын журтка кызмат кылганга эмне жетсин.
13.06.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Meniki naoborot kayn ejemder kelse oi jirgaim da:) meni torgo oturguzup koyushat ozdoru tipildap chayin kuyup.stoldu jiynap,idishterdi juup kuhnyani tazalap koyup ketishet.Allaha shukur
14.06.2017. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол учун куйооно 2 чи аял алып берсен вообще жыргайсын.Озуно карап жасанып фитнесге барып 2 кун кайын журтуна кызмат кылсан 2 кун дем аласын. Берки 2 кун кызмат кылат.Зато озуно жакшы иштеп эшектей болуп ден соолуктан айрылып отурбай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: