super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот: Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу 8-ноябрда жоюлат

 

Ахматбек Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Анын билдиришинче, 2016-жылы 8-ноябрда сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду толугу менен төлөп бүткөн. Кылмыш-жаза кодексинин 76-беренесине ылайык, айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда соттолгон деген статусу жоюлат.

Эске салсак, Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот чечимине ылайык, ал мамлекеттин эсебине 10 миллион сом которууга милдеттендирилген. Быйыл 26-майда Келдибековду президенттик шайлоого аттанат деген маалымат тараган. Бирок шайлоо 15-октябрда өткөнү жатат. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, соттолгон деген статусу алынып салынбаган жарандар президенттик жана парламенттик шайлоого катыша алышпайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: