super.kg logo
  Спорт  

Индия-Кыргыз беттеши соңуна чыкты. Оюнда Индия курамасы өз үйүндө 1:0 эсеби менен жеңишке жетти

 
Беттешке Кыргыз футболчулары ак түстөгү формачан менен чыгышса, талаа ээлери көк түстөгү форма менен ойношот.
Бүгүнкү оюнда капитандыкты Мирлан Мурзаев колго алат.
Бангалордо Кыргыз футболчулары колдоочуларсыз калышпайт. Сүрөттө жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбеков күйөрманы менен.
Кыргыз-Индия беттеши өтө турган Бенгалор шаарындагы стадион.

2019-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргыз футболчулары кезектеги беттешин өткөрөт. Анда Индиянын Бенгалор шаарынын стадионунда Индия-Кыргыз беттеши орун алат. Аталган оюн “А” тайпасында 2-турдук оюн. Алгачкы турдук оюнда Индия Мьянманы жеңсе, Кыргыз Макаону өз үйүндө 1:0 менен жеңип алган. Учурда эки курама команда 3 упайдан ээлик кылышат.

Оюн алдындагы маалымат жыйында “Ак шумкардын” башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргыз футболчулары жеңиш үчүн келгендигин айтып өттү. “Индия өз үйүндө олуттуу команда. Бирок биз 3 упай алуу үчүн ойнойбуз. Даярдыгыбыз жакшы, команда мыкты оюн өткөрөт деп ишенем”.

Кыргыз курамында бир канча кооптуу жагдайлар бар. Алган жаракаттарынан улам Ислам Шамшиев, капитан Азамат Байматов, коргоочу Валерий Кичин бул оюнга чыга алышпайт. Бүгүнкү оюнда капитандыкты Мирлан Мурзаев колго алат.

20:21 "А" тайпасындагы биринчи оюн соңуна чыкты. Анда Мьянма конокто Макаону 4:0 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болду.

Кыргыз курама командасынан талаага чыкчу негизги курам:

Дарбазада: Павел Матяш.

Коргоочулар: Аманбек Маныбеков, Ильяз Алимов, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер

Жарым коргоочулар: Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов, Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин, Бахтияр Дүйшөбеков.

Чабуулчу: Виталий Люкс.

20:32 Көптөр күткөн беттеш башталды. Япониялык калыстын ышкырыгы оюнга старт берди.

20:36 Алгачкы мүнөттөрдө эле Антон Землянухин талаада жаракат алды. Анын жаракатын дарыгерлер карап жатат. Антон Землянухин жаракатынан улам оюнду уланта албай калды.

20:42 Антон Землянухиндин ордуна талаага Эдгар Бернхардт чыкты. Алгачкы 10 мүнөттө Кыргыз футболчулары чабуулда. Алыстан Люкс сокку узатты. Алгачкы бурчтан чыгаруу да "Ак шумкар" тараптан болду.

20:44 Кыргыз футболчулары дээрлик атаандаштарын топсуз калтырууда. Индия футболчулары коргонууга аргасыз болууда. Валерий Кичинди алмаштырган Аманбек Маныбеков сол канатта көзгө көрүнүүдө. Эскерте кетсек, Кичин машыгууда алган жаракатынан улам Индия футбол талаасына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

20:45 Коргонууда ойногон "Абдыш-Атанын" футболчусу эки жолу индус футболчусун топсуз калтырды. Мурзаевдин соккусу индиялыктар үчүн кооптуу абал жаратты. Дарбазачысы гана сактап калды.

20:50 Бурчтан чыгарып берүү майнапсыз болду. Индия чабуулу офсайдга такалып калды. Эми гана эсине келе түшкөн үй ээлери чабуулдарды уюштуруп баштады.

20:56 Күрөш көпчүлүк учурда талаанын ортосунда жүрүүдө. Мындай өңүттө оюн жүрсө Дүйшөбеков, Бернхардт жана Мусабековдун оюнунан беттештин жыйынтыгы көз каранды. Индус футболчулары оң каптал менен чабуул уюштурду. Сокку дарбазанын үстүнөн өттү.

20:58 Оң каптал кооптуу болууда. Индия маал-маалы менен чабуулду ушул жактан кылууда. Индус чабуулчусунун кубаттуу соккусун Матяш тосуп алды.

21:03 Чабуулдагы Виталий Люкс мыкты мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Мусабековдун катасынан кийин чабуулчулар эсепти ачууга белсеништи. Жетип келген Маныбеков акыркы учурда гана сактап калды.

21:07 Крестинин футболчуларына кеңеш берүүдөн тажабай, өз ордунда отурган жок. Кезектеги коноктордун чабуулу майнапсыз - Мусабековдун соккусу коргоочуга тийип калды. Үй ээлеринин чабуулчуларын Матяш тосуп алды.

21:14 Исраиловдун пасы Мурзаев үчүн катуу болуп калды. Тилекке каршы, топ аутка кетти. Биринчи тайм дагы соңуна чыгып баратат.

21:16 Статистикага токтоло кетсек: Топко ээлик кылуу 53 пайыз коноктор, башкача айтканда, Кыргыз футболчулары. Ал эми үй ээлери 47 пайыз болууда. Люкстун кезектеги соккусу индус дарбазачысы үчүн оңой жолтоо болуп калды.

21:17 Биринчи тайм соңуна чыгып калган. Бирок алыс 1-таймга 3 мүнөт кошумча кошту.

21:21 Мусабековдун соккусун Индиянын дарбазачысы тосуп кетти. 1-тайм соңуна чыкты, эсеп: 0:0.

21:35 2-тайм старт алды. Кооптуу абал. 20 метр аралыктан айып сокку. Исраилов топто. Жыйынтыгын күтөбүз. Топ коргоочуларга тийип калды. Исраилов бул мүмкүнчүлүктөн пайда алып келе алган жок. Дагы бир мүмкүнчүлүк жокко чыкты.

21:42 Кыргыз футболчулары чабуулун улантууда. Мурзаевдин соккусу таамай болбой калды. Дарбазага узатылган соккулар боюнча упайлардын саны: 13:6 Кыргыздын пайдасына.

21:46 Исраиловдун тепкен соккусу дарбаза мамысына тийип калды. Баалуу мүмкүнчүлүк колдон чыкты. Майердин да кошумча чабуулу майнапсыз болуп калды.

21:47 Кооптуу абал! Үй ээлери кооптуу чабуул уюштурду. Сунил Четри 5 метр аралыктан дарбазадан өйдө тепти.

21:54 Исраиловдун соккусун кайрадан дарбазачы тосуп кетти. Ахлидин Исраилов активдүү оюну менен өзгөчөлөнүүдө. Дарбазага тепкени, кооптуу абалды жаратканы да Исраилов болууда.

21:55 Чабуулдарыбызда жаракат алып калган Антон Землянухин оюн талаасында жетишпей жаткансыйт. Негизинен эсепти ачууга кичине тактык гана жетишпей жатат.

22:59 Эсеп ачылды! Тилекке каршы, биздин пайдабызга эмес, Индия капитаны Сунил Четри таамай болду. Эсеп 1:0.

22:00 Кыргыз курамасында алмашуу: Мурзаевдин ордуна Кайрат Жыргалбек уулу оюнга кошулду. 72-мүнөт аяктады. Эсепти теңөөгө 20 мүнөттөй убакытыбыз бар.

22:02 Ильяз Алимов эреже бузду. Ага башкы калыстан сары кагаз берилди. Азыркы убакытта эрктик, өжөрлүк менен чабуулга өтүү керек.

22:06 Кыргыз тараптан айып сокку. Бернхардттын соккусун дарбазачы оңой эле тосту. Индия футболчулары контр чабуулдарды уюштурууну унутушкан жок. Оюн алдындагы Крестининдин "жеңиш үчүн гана ойнойбуз" дегени атаандашты көзгө илбегендик болгонбу, айтор, учурда жеңиш эмес эсепти теңөө керек. Өз күйөрмандары алдында Индия дагы оңой атаандаш эмес экендигин көрсөтүп жаткан учур.

22:12 Үчүнчү алмашуу: Майердин ордуна Ахмедов кирди. Кооптуу абал! Муролимжон Ахмедов дээрлик ачык дарбазага киргизе албай калды.

22:14 Учурда Кыргыз курамасы үч коргонуу менен ойноого өттү. Туура, эсепти теңөө керек. Стандарттык абал... Индия Коргоочулар мыкты оюн көргөзүүдө.

22:19 Кайрат Жыргалбек уулу 2 атаандашын алдап өткөнү менен, сокку узата албай калды. Индустар убакытты созуу менен алек. Калыс 4 мүнөт кошумча убакыт кошту. Шашып уюшулган чабуулдарда ката да көп болууда.

22:23 Сунил Четри машыгуудагыдай эле эки оюнчуну алдап өтүп, сокку узатты. Топ өйдө кетти. Кыргыздан Люкс сокку узатты. Дарбазачы тогуздуктан чыгарып кетти!

22:25 Бурчтан чыгарып берүүгө дарбазачыбыз Матяш да келди. Акыркы чабуул да майнапсыз. Калыстын ышкырыгы жаңырды. Бул беттешти Индия 1:0 эсеби менен жеңди.

22:30 Муну менен "А" тайпасында Индия 6 упай менен 1-орунга көтөрүлсө, экинчиде Мьянма 3 упай жана Кыргыз өлкөсү 3 упай менен үчүнчү орунда. 4-орундагы Макаодо упай жок.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(47)
13.06.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Через Яндекс корсом КТРКдан прямая трансляция заблокирована деп чыготат
13.06.2017. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болуп жатат айтып тургула бизде мункунчулук барбы????
13.06.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ауу ким баар
13.06.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кадаланып атып эч ким защитаны карабай койуштучу эле утулдук
13.06.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.0
13.06.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Индия начар эле ойноду.Кыргызстан андан бетер жаман ойноду.
13.06.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tunerbei1812,Кыргызстан жакшы ойноду!
13.06.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан - Индия 0:1
13.06.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Утулдук
13.06.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюм: зашита ноль, нападение ноль, центр поля 3
13.06.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар бирок ото грубо ойношот экен. Бирде экиде топ ойнобогондой
13.06.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодцы конокто жакшы оюн корсотушту бул деген спорт утулуш болот барсе реал деле утулуп журотго
13.06.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оюнда Индияны кудай өзү колдоду. оюнда топко ээлик кылуда,чабуулдарды уюштурууда биздикилер чоң үстөмдүк кылышты. Курамда Байматов, Кичиндин жоктугу жеңилүүгө алып келди окшойт менимче.
13.06.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аракет бар бирок жыйынтык жок болду утса болот эле бирок уйго келгенде утатго эми индияны биздин курама
13.06.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Зашита -0,Майер ойнобой эле койчу,сага караганда мен жакшы ойнойт экенмин.Пас сурагандан кийин до конца чуркаш керек да.
13.06.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары жакшы ойношту бир гана оомат жетишпеди буюрса кийинки Мьянма менен болчу оюнда Ак шумкарлардан жениш кутобуз! Алка Кыргызстан алга!!!
13.06.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча бизге чыныгы форвард чабуулчу керек бир оюнда жок дегенде 4,5жолу тебе турган,Люкс анчалык болбой жатат, коргонууга ыктаган чабулчу.
13.06.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин команда абдан конул кош ойношту, зашита "0" тактика жок, кее бири кочодо ойногон жаш балдардан дагы начар ойношту! Топ тебилсе сен Ал мен ал деп ооздорун ачып отурушуп аягы ушул менен бутту! Так что нам ещё лет 50-70 надо!!! если так будем продолжать играть, то лучше нам нам не стоить играть не то что футбол, лучше тоодо мал багып, кок бору ойноп, митинг кылып жургонубуз жакшы жарашат экен!
13.06.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менимче климат чон роль ойноду бул жерде, биздин футболчуларга аба жетишпей жаткандай туюлду мага 2-таймда
13.06.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят эле утулуп калдык
13.06.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Топ тоголок буйруса баары алдыда
Жакшылыктан умкт узбойлу
14.06.2017. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka666,топ тоголок, бирок жер тегиз экенин унутпа да. Качанга чейин озубузго озубуз конул айтып жоошутуп журот экенбиз.
Tunerbei1812 түзөттү 2017-06-14 06:40:49
14.06.2017. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туугандар курамды алмаштырыш керек состав слабый ото эле айылдан чыккандарга жол болбойтат
14.06.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эштеке эмес. Азаматсыздар! Бул силердин акыркы жолу женилгенинер болсун, алдыда кайсы команда менен ойнобогула дайыма женип журо бергиле! Главное не победа а участие дегендей)) Ийгилик;)
14.06.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыйынтык жок чабуулдар.
14.06.2017. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун жуктогом чыгарып койсонуздар
14.06.2017. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул оюнду 1 - 2 эсебинде утушса болот эле биздикилер. Канчалаган жакшы шанстар болду, голду киргизе турган чабуулчу жок экен бизде. Анан даагы тамак ичишкен эмес беле биздикилер. Жугурсо ХХХ, жугургулору келбейтго..
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-14 13:07:36
14.06.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarter-9301, этика нормаларын сактаңыз.
14.06.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Люкстан башка кичине удары бар чабуулчу болсо а то же ударынын кучу жок де дриблинг жок же скорость жок экинчи этаждан кыйратпайт !
14.06.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик алдыда кудай буйруса
14.06.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан жакшы ойноду
14.06.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкунчулукту пайдалана алышпады анан кичине бир бирине топту жакшы ашыруу керек анан жакшы болот экинчи таймда жакшы ойноду
14.06.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулардан коро дордой кучтуу ха ха.бирок сабырдын тубу сары алтын алтындарым.кудай колдойт силерди кудай колдойт.акырыыы женесинер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: